Саясатты жалаң эле агрессияга чулгай бербей, айрым учурда маанайды көтөрө турган оюндары менен сергитип турган саясатчылар да бизде арбын эмеспи. Кайсы бирин айтууга болот деп баш адашат. Сахнадагы куудул, маскарапоздордон өтүп кеткен анык «артист» саясатчылар бар үчүн да жашоо кызык өңдөнөт. Ошолордун бири тууралуу кеп кылуу өңүтү тартып туру. Эсиңердеби, баягы хохма кадамдары менен элдин көңүл чордонунда болчу экс-депутат Мээрбек Мискенбаевчи? Мына ушул Мээрбек мырза учурда кайда десеңер, ушул жакта эле. Эмне кылып атат дей турган болсоңор, ден соолугуна көбүрөөк көңүл буруп жатат. Себеби кыргыз көмүр чырында, куудулдар менен болгон ызы-чууда катуу ойлонгондон микроинсульт алган экен. Албетте, айыгып кетишин кудайдан тилейбиз. Бирок жанагы нике кыйган молдо «батага эле ишенип олтура бербей, аракет кылгыла» демекчи, ден соолукту караш керек, Мээрбек мырза. Анан мынча дарыланып аткан соң мээни да текшертип коюш керек го. Ушул жагын бир караштырып көрөт окшойсуз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ