Бүгүн, 16-январда таңкы саат 07.19. да “Манас” аэропортуна жанаша жайгашкан дачаларга кулап түшкөн Turkish Airlines авиакомпаниясынын Boeing 744 самолетунун жарылуусунан дачада жашаган 15 кыргыз жараны каза болушкан. Бул тууралу кыргыз авиация бийликтерине таянып Reuters маалымат агенттиги билдирүүдө.
Андан сырткары учактын экипажынын 4 мүчөсүнүң үчөөсү каза болуп, бирөөсү тирүү калган.
Аэропортту коюу туман каптап тургандыктан Гонконгдон келаткан самолет учуу тилкесинин чыгыш тарабынан батыш тарабын көздөй конууга аракет кылып, конуу тилкесин таппай, кайра асманга көтөрүлүүгө аракет кылган. Эмнегедир көтөрүлө албай аэропорттун учуу тилкесине жанаша жайгашкан дачалардын үстүнө кулап түшкөн.
Аэропорттун айланасын азыр да коюу туман каптап турат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ