Алматыдагы калкты тейлөө борборунда бир киши кайтыш болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгондорго шилтеме кылып жергиликтүү ММКлар кабарлашууда. Райондук ички иштер департаменти орто курактагы эркек кишинин каза тапканын тастыктады.
Күбөлөрдүн айтымында, маркум убактылуу катталуу үчүн кезекте турган.
Казакстандагы калкты тейлөө борборлорунда акыркы бир жумада ушуну менен эки киши бул дүйнө менен коштошту. 11-январь күнү дагы Боралдай шаарчасынын 59 жаштагы тургуну жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн келген маалда көз жумган.
Убактылуу жана туруктуу жашаган жери боюнча милдеттүү каттоого туруу боюнча мыйзам күчүнө киргенден бери Казакстандагы калкты тейлөө борборлорунда болуп көрбөгөндөй узун кезек жаралууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ