Жалал-Абад шаарында КСДП фракциясы коалицияга кирбей калып, мэриянын жана шаардык кеңештин ишине тоскоол жаратууда. Кыргызстанда жаман бир адат түзүлүп калды, эгерде кайсы бир шаардык кеңештин коалициясында КСДП фракциясы жок болуп калса, анын ишине кандай гана жол менен болбосун бөгөт коюшат, деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 17-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында.
«Бүгүн Жалал-Абадда мэриянын жана шаардык кеңештин иши жүрбөй жатат. Судья Б.Мажитов шаардык кеңештин иш-аракетин негизсиз токтотту, ал эми шаардык прокуратура болсо аларга эскертүү берди. Мен бул мыйзамсыз экенин дароо айта алам, прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү ишке кийлигишип, өз укугунан аша чапты. Мен расмий түрдө башкы прокурорго Жалал-Абад шаарынын прокурору А.Мурзаевдин иш-аракеттерине юридикалык баа берүү жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча талап менен кайрылдым», – деди Б.Төрөбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ