Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Кыя айылындагы унаа жолунда “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаанын ээси рулду башкара албай жардан сайга кулап кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
ЖКККБ билдирген маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-октябрь күнү саат 10:00 чамасында болгон.
Кырсыктан улам автоунаанын 63 жаштагы айдоочусу жана анын 58 жаштагы жубайы каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ