Бүгүн Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат кызматкерлери иш күнүн аза күтүү митинги менен баштады. Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев күтүүсүз кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жөнүндө кыскача маалымат берип, бүгүнкү иш күндү бир мүнөт унчукпай туруп, аза күтүү менен баштоо сунушун киргизди. Аза күтүү минутасы аяктаган соң облус жетекчиси азыркы учурда Кыргызстандын бардык жарандары учак кулап түшүп кырсык болгон жерге, кырсыкка кабыл болгон бир туугандарыбызга жардам көрсөтүү иштери башталгандыгын айтып, Талас облусунда эки жерде – Талас шаардык мэриясында жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө жарандардан жардам кабыл алуу пунктары ачылып жаткандыгын маалымдады.
Өкүлчүлүктүн профсоюз уюмунун демилгеси менен өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын кырсыктан жабыр тарткандарга жардам катары которуп берүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле облустун көпчүлүк ишкана уюмдарынын эмгекчилери да бул демилгени колдоп алар да бир күндүк эмгек акыларын которуп берүү аракетин көрүшүүдө.
Мухамеджан Суранчиев – Кыргыз Республикаынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ