Menu

Казакстан веб-сайттарда пикир калтыргандарды аныктоо ниетинде

Бөлүшүү:

Казакстанда интернет-басылмалар жарыялаган материалдарга пикир калтыргандарды казак бийлиги алардын телефон номурлары менен аныктоо ниетинде. Тиешелүү мыйзам долбоору даярдалды.

Маалымат жана байланыш министрлигинин кызматкери Михаил Комиссаров билдиргендей, веб-сайтка пикир калтыруу үчүн окурман телефон номурун жазып, код алган соң гана комментарий жазуу укугуна ээ болот.

Министрлик интернетте жарыяланган материалдарды талкуулоо учурунда ар түрдүү пикирлер жазыларын, айрым учурда маалыматтык согуш жүрөрүн, улут аралык кастыкты козутуу мүнөзү байкалып жатканын билдирүүдө.

“Мындай механизмди киргизүү – терс талкууларды азайтат. Каттоодон өткөн киши интернет-ресурска пикир калтыруудан мурун анын кесепеттери жөнүндө үч жолу ойлонот”,- деди Михаил Комиссаров.

Мыйзам долбоору парламенттин кароосуна быйыл майда жөнөтүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: