Menu

Орусия менен Түркия ИМ тобуна каршы биргелешкен аба соккуларын жасады

Бөлүшүү:

Орусия Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрүнө карата алгачкы жолу Түркия менен биргеликте аба соккуларын жасаганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-лейтенант Сергей Рудскойдун маалыматына караганда, ага Орусия аскердик аба күчтөрүнүн тогуз, Түркиянын сегиз учагы катышты. Алар Алеппо провинциясындагы Аль-Баб шаарына 18-январда соккуларды жасаган. Түркия аскер башкармалыгы өлкө учактары Орусия менен биргеликте согуштук учууларды аткарганын ырастады.

Анкара менен Москванын алакасы 2015-жылы түрк-сирия чек арасында орусиялык учак атылып түшүрүлгөндөн кийин кескин начарлаган. Бирок акыркы кездери эки өлкө Сирия президенти Башар Асад менен куралдуу оппозициялык топтордун ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү координациялоо аракеттерин көрүп келишет. Орусия Асадды, Түркия анын режимин кулатууну көздөгөн көтөрүлүшчүлөрдү колдойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: