Тажикстанда Дүйшөмбүнүн жаңы башкы планы даярдалып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана архитектура агенттиги билдирди.
Жаңы башкы планга ылайык, 2040-жылга чейин Дүйшөмбүнүн аянты Рудаки районунун эсебинен 9,5 миң гектарга кеңейтилет. Ошондой эле суу, электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо системалары жаңыланат.
Агенттиктин маалыматы боюнча жаңы парламенттик комплекстин долбоору аяктап, жакында куруулуш башталары күтүлүүдө. Президенттин аткаруу аппаратынын имараты бузулат. Адистер анын пайдубалы эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калгандыгын аныкташкан.
Мекеме шаардык мэрия аткаруу аппаратынын имаратына убактылуу көчкөнүн, жаңы башкы план бекитилгенден кийин борбордук акимчиликтин кайсыл жерге жайгашары чечилерин билдирди.
Дүйшөмбүнүн башкы планы советтик архитекторлор тарабынан өткөн кылымдын 80-жылдарында иштелип чыккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ