Menu

Данияр Төлөнов, вице-спикер: “Бүгүнкү күндө транспорт министринин бир дагы орун басары авиация тармагын билбейт”

Бөлүшүү:

— Данияр Эрмекович, жаңы кызматыңыз кут болсун. Мындан бир ай мурун эле сизди төраганын орун басары болот, Нурбек Алимбеков кетет деген сөздөр чыккан. Ошол сөздөр бүгүн чындыкка айланып кетти. Өзүңүздө маалымат бар беле?

— Мен аны билбегем, укпагам. Вице-спикерликтин орду биздин фракцияга тийген экен. Бизден үч талапкер чыкканбыз. Сунуштаган 3 талапкердин арасында фракцияда бөлүнбөстүк болбосун деп бүгүн эртең мененки саат ондо фракция лидери Алмазбек Баатырбеков баарыбызды чогултуп, бир эле талапкерди алып чыгалы деген сунушту айтканда берки эки фракциялашым мага жол көрсөтүштү. Бул да болсо фракциянын биримдиги, Алланын буйругу. Мага ишеним көрсөтүп, шайлап берген кесиптештериме ыраазычылык билдирем. 104 добуш беришти, мен алардын ишеничин аткарганга аракет кылам. Өтө кооптуу кызматка бардым, анткени эл шайлап берген депутаттар мени тандады, бул мага жоопкерчилик болуп саналат.

— Кырсык болгон жайга барып таанышып кайттыңызбы?

— Биринчиден кечээ жакында болгон кырсыктан каза тапкан маркумдардын жакындарына кайрат айтам. Кудайдын буйругу ушундай экен, сабыр кылыңыздар дегим келет. Каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болсун. Туугандарына сабырдуулук каалайм. Себеби бул кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болуп эсептелинет. Кырсыкты спикер баш болуп чогуу барып жеринен көрүп жүрөк ооруй турган көрүнүштөрдү көрдүк. Жабыркагандарга ден-соолук тилейм, батыраак сакайып кетишсин. Башыбызга жамандык түшкөндө Кыргызстандын ар бир бурчунда жардам берүүгө аракеттенип чогулган акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак 9 миллиондон ашып кетиптир. Кечээ сессияда Улан Примов сунуш кылып 3 күндүк айлык маянабызды которуп бердик. Албетте өтө кымбат деген адамдарды кайтарып бере албайбыз. Бирок аларды кароосуз калтырбайбыз.

— Кечээ теле каналдардын биринде болгон эфирде сиз авиа кодекстер жөнүндө айтып кеттиңиз?

— Ооба, мен кечээ бир теле каналга комитеттин төрагасынын орун басары катары түз эфирге баргам. Ал жерде биз менен бирге эксперттер дагы болушту. Жарандык авиациянын абалы жөнүндө сөз болду. Кырсык Алладан экен. Мунун алдын алышыбыз керек болчу. Аба кодекси абдан тез иштелип чыккан. Ал жерде өзгөрүүлөрдү киргизишибиз керек. Аба кодекси боюнча аба майдандын айланасында 3 чакырымга чейин курулуш болбош керек деген берене бар. Бирок ал аткарылбай жатат. Кечээ жыйында дагы ушундай аймакта жашагандар боюнча кийинки кырсыктын алдын алыш үчүн көтөрүп чыктык. Өкмөткө кайрылып карап чыксын деп тапшырма берип жатабыз.

— Жарандык авиация боюнча иш жүргүзүүчү агенттик дагы иштебей жаткандай?

— Ал агенттик азыр Транспорт министрлигине көз каранды. Бүгүнкү күндө министрдин бир дагы орун басары авиация тармагын билбейт. Аларда бир дагы түшүнүп көзөмөлдөй турган адистери жок. Себеби авиация агенттиги өзүнүн саясатын өздөрү жүргүзө алышпайт. Министрлик алардын саясатын өздөрүнүн адистиги жок болсо кантип жүргүзөт? Көптөгөн жетекчилер келип эң көйгөйлүү деген кара тизмеден чыгуу иштерин жасабай кетип жатышат. Бүгүнкү күндө кара тизмеден чыгуу максатын көздөсөк, агенттик кылбай өкмөт, президент, парламент тараптан жакшы көңүл буруулар болуусу зарыл. Агенттикке жакшы статус берип, кадр маселесин терең карашыбыз керек. Анткени бул өтө татаал, орчундуу анан кылдаттыкты талап кылган багыт. Бул жерде тажрыйбалуу адамдарды ишке тартпасак эч качан кара тизмеден чыга албайбыз. Кара тизмеден чыгабыз десек учуу коопсуздугун карашыбыз зарыл. Ага адистерди окутуу абзел. Эл аралык сертификаттарды алып берүүбүз керек. Бул өтө чоң каражаттарды талап кылат. Канчалык мыкты түшүнгөн тажрыйбалуу жетекчилерди алып келсек ошончолук жакшы болот.

— Авиа эрежелер боюнча айта кетсеңиз. Биздин авиация тармагыбыз эрежелерди сактабай жатабы?

— Мисалы Казакстандын президенти баш болуп киришип атайын ИКАО деген атактуу уюмдун адистерин атайын акчасын төлөп берип эки жылдап иштеп, анан Казакстандын адистерине Эл аралык сертификаттарды берип аларды окутуп беришти. Жыйынтыгында Казакстан ИКАОнун өзүнүн талап кылган эрежелерин аткарып кара тизмеден чыгып, азыр кеңири учуп жүрүшөт. Ошондуктан мамлекеттик көңүл буруу зарыл. Биздин аба майдандан келген коноктордон тартып баардык Кыргызстандын жарандары ар кайсы тармактарга барууга учактардын кызматын пайдаланат. Ошондуктан жарандык авиацияга жакшылап көңүл бурууга убакыт келди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: