Menu

Эмилбек Момунов, “Fars news” агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн редактору: «Таттыгүл Дөөталиеванын жоругу — маңкуртчулук»

Бөлүшүү:

-Авиа кырсык болуп, эл кайгыга батып жатса, социалдык баракча аркылуу Т.Дөөталиеванын элди экиге бөлүп табалаган пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?

— 16-январда Дача СУ айылында авиакырсыктын кесепетинен шейит кеткендердин кайгысы баарыбызды мөгдүрөтүп турганда Медакадемияда иштеген Таттыгүл Дөөталиева деген айымдын маркумдарды шылдыңдап, элди бөлүп-жарышы маңкуртчулуктун жеткен чеги. Ошондуктан анын мындай жоругуна жаны ачыган ар бир жаран ошол эле социалдык тармак аркылуу айыптаган пикирин билдиришти. Ал тургай бул маселе парламентте да депутат У. Ормонов тарабынан көтөрүлүп, тиешелүү укук коргоо органдарына тез арада чара көрүү тапшырмасы берилди. Сыягы, ошондон кийин гана коопсуздук органдары чара көрүүгө киришишти окшойт. Азырынча УКМК Т. Дөөталиевага эскертүү берилгендигин билдирди. Ал эми Медакадемия жумуштан кетириптир. Бирок коомчулук “мындай” жазага канааттанбай турат. Бирок азыр эмне үчүн ушундай арабызда трайбализм ушунчалык күч алып кеткен? Болгондо да али турмуш кура элек, татынакай жаштарыбыз, баарынан да кыз кишилер бир эле элди жерине карап душмандан да жек көрүүгө барып жатат. Ушул суроолорго мындай жооп берсек болот. Себеби бул биздин коомдун моралдык жактан ирип-чирип, нарктуулук менен барктуулук калбай калгандыгынын, керек болсо улуттук идеология жоктугунун кесепетинен болууда. Кала берсе андай трайбалисттик сөздөрдү айткандарды жазалай турган мыйзам да жок. Андыктан депутаттар мындан ары кимдир-бирөөнү улуту эмес, жерине карап бөлгөндөрдү жазалай турган мыйзам кабыл алышы керек. Ошондо гана Т. Дөөталиевага окшогондорду ооздуктай алабыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: