-Авиа кырсык болуп, эл кайгыга батып жатса, социалдык баракча аркылуу Т.Дөөталиеванын элди экиге бөлүп табалаган пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?
— Мыйзам кандай күчтүү чараны колдонууга жол берсе ошол чараны колдонуп соттош керек. Бул кыздын жоругу улутка кылган кыянатчылыктын эң жеткен чеги деп эсептейм. Эгерде илгерки замандын убагы болгондо орго салып, же тикенек зымга оротуп сабашмак болсо керек эле. Башкаларга сабак болуш үчүн мыйзам кандай жазага жол берсе ошол мыйзам менен соттош керек. Коюнунда котур ташы барлар көбөйдү. Өзү мугалим болсо элдин биримдиги керек деп какшап жатсак мындай кыздар улутка керекпи? Кечирим сурап жок дегенде социалдык баракча аркылуу ийилип да койбоду го чиркин!
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ