Эсибизде, 2010-жылы Курсан Асанов Ош окуясында ала-шала түшүп, элдик милиционер катары көрүнүп, жабыр тарткандарды коргогондой жүргөнү, анан ММКдан түшпөй маек берип, тим эле баатырга айланып кеткен болчу. Көрсө, сырттан караган элге маска кийип алгандай артисттенгени кийин билинип атпайбы. Курсан акеңер өзбек-кыргыз согушун токтотууга салым кошкон адам катары жасалма жүзүн көрсөтүп, ал эми иш жүзүндө барымтада калган өзбектерди танка, ж.б. жолдор менен ташып чыгарып, алардан миллиондорду алганы ыраспы? Албетте, эл арасында буга чейин айтылып келди. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган өзбектердин акчасын, алтындарын, дегеле баалуу буюмдарын бут жыйнап кеткенби? Качан ачыкталат? Таңгаласың, дал ушундай шектүү ишти быягынан жаратып коюп, анан Курсан Асанов теледен элге күйгөн баатырдай көрүнүп, далай упай алды го. Ал ортодо генералдыкты да алганга жетишти. «Апельсин генерал» дейт мындайларды. Ошентип, мактоо темпи менен Жогорку Кеңешке депутат дагы болду, бирок, акыры жогорку бийлик бу эргулдун ким экенин билишти. Кийин министр болуута жулунганда тизеге чабылды, себеби, кан күйгөн жерден пайда тапкан адам сыйга татыйбы? Жо-ок, милициянын ичинде аброю калган жок да! Болгону популизм менен шугулданып, ыңгайы келген жерден пул жасап жүргөнү айтылат. Жакында Курсан тим эле мамлекетчил ишмердей көрүнүп, түштүк регионун кыдырып келбедиби. Чоң жыйындарга катышып, Кыргызстандын коопсуздугуна күйүмүш эткендей сөз сүйлөп. Күйдүрөт да кысталак, ошол жактан да жөн жүрбөй капчыгын кампайтуунун амалын көргөнү, пул жыйнап кеткени чынбы? Мындай ит жорук далилденсе чын эле ИИМ ирип баратканы ушулбу? Ишенгениңер Курсан болсо, анда карышкырга кой кайтартуу менен укук талаасын сазга батырасыңар го? Мына, биз суроо бердик, жооп бергиле?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ