“Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Инстаграмдагы баракчасында батыштын заманбап модель мырзаларындай болгон бир укмуш көркөм фотолорун жарыялай баштады. Ал фотолорго кыргыз шоу бизнесинин жылдыздары Нурзат Токтосунова баш болуп, суктанып, өздөрүнүн “лайктарын” басып жатышат. Ошондой эле Алтынбек мырза АКШнын президенти Дональд Трамп же Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге окшоп социалдык тармактарда да активдүү иштеген заманбап саясатчыга айланды. Трамп менен Медведев Твиттердин сазайын беришсе, Алтынбек Сулайманов Фейсбук менен Инстаграмдын сазайын берет. Ал тармактардагы баракчаларында коомдук же саясый турмушка болгон өз пикирлерин жарыялап турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ