Menu

Тажикстанда аткаминерлердин сабатсыздыгын жоюу курстары башталды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Куляб шаарынын мэри жергиликтүү чиновниктердин сабаттуулугун жогорулатуу максатында туура жазуу сабактарын уюштурду. Калаа башчысы Хайрулло Амонулло мындай идея мамлекеттик кызматкерлер тажик тилин жеткиликтүү деңгээлде билбегендиктен келип чыкканын айтууда.

Мэр кол алдында иштегендер өтө ката жазышарын, мындан улам алар жазган каттардын көбүн кайра артка жолдой турганын билдирди. “Мен өзүм алардын каталарын кызыл сыя менен ондоп чыгам. Бир эле катты бир нече жолу ондоо үчүн кайра артка жөнөткөн учурлар болгон. Буга байланыштуу кол алдымда иштегендер үчүн туура жазуу боюнча сабактарды уюштурууга аргасыз болдум. Сабактарды менин орун басарларым күнүгө 1,5 сааттан өтүп жатышат”, – деди ал.

Мамлекеттик кызматкерлер сабак учурунда иштиктүү кат жазышууну, тыныш белгилерин туура коюууну, туура сүйлөөнү үйрөнүшүүдө.

Жаш муундардын сабатсыздыгы өлкөдө беш жылга созулган жарандык согуш менен байланыштырылып жүрөт.

Тажикстандын Тил жана терминалогия комитети эки жыл мурун мамлекеттик тилди билүүнүүн деңгээлин аныктоо максатында 500 студенттин арасында текшерүү жүргүзгөн. Алардын ичинен 80% жат жазууну начар жазган.

Буга карабай, өлкөдө мамлекеттик тилди окутуу 140 сааттан 64 саатка чейин кыскартылган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: