Menu

Тажикстанда калктын теңине таза суу жетпейт

Бөлүшүү:

Тажикстан калкынын дээрлик жарымы таза сууга жетпейт. Жүздөгөн тажик айылдары бул маселени өз алдынча чечүү аракетинде. Борборлоштурулган суу берүү системасы шаардан бир нече чакырым узагандан кийин эле токтоп калат.

Дүйшөмбүнүн түштүк тарабында жыйырма чакырым аралыкта жайгашкан Бустон- 1 кыштагында суу түтүктөрү жок. Айыл тургундары темир челектерди жасап коюшкан. Кышкысын кар ээриген соң чатырдан агып түшкөн сууларды топтоп колдонушат. Жайында сууну эшек менен булактан ташып келишет же сатып алышат. Жергиликтүү тургун Гапар Салимовдун айтымында, беш тонна таза суу үчүн он долларга тете акча төлөөгө туура келет. Варзобиен кыштагында болсо айылдыктар суу түтүктөрүн өздөрү тартып алышкан. Бирок ал болгону сугатка гана жетет.

Тажикстандагы мамлекеттик турак жай коммуналдык чарбасы билдиргендей, 2011-жылы калктын 48,6% гана таза суу колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Учурда бул көрсөткүч 57,6 түзөт.

Көйгөй бир эле айылдарга эмес шаарларга дагы тиешелүү. Ири жана чакан калааларда суу менен камсыздоо системалары совет маалында курулган, азыркы тапта алар чирип, колдонуудан чыгууда. Маселени чечүү үчүн өлкө быйыл донорлор менен 200 миллион долларлык келишимге кол коюшу керек.

Борбор Азиядагы суу ресурстарынын теңи Тажикстан аймагында камсыздалат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: