Menu

Гүлзат Мамытбек, ырчы: “Концертимде, бекер бургерлер таратылат. Дискотека болот”

Бөлүшүү:

Кыргызстанга гана эмес дүйнө жүзүнө дем берүүчү катары таанылган, англис тилин окутуу борборунун жетекчиси, ырчы Гүлзат Мамытбек чоң программадагы алгачкы концертин бергени турат. Гүлзат эже менен боло турган концертинин айланасында маек курдук.

– Саламатсызбы Гүлзат эже? Жакында концерт берем деп билек түрө иштеп жаткан учуруңуз экен. Концертиңиздин аталышы өзгөчө го…

—Ооба, 30-июнда борборубуздагы ири соода түйүндөрүнүн биринде менин алгачкы жеке концертим болот. Өзүм Кыргызстандын эле эмес Жер планетасынын номер биринчи дем берүүчүсү болгондуктан, концертимдин атын «Мен биринчимин же Я номер один!» – деп атадым. Ар бир кыргыз номер бир болуп, ошол идеяны аң-сезимине коргошундай куюшу керек. Ар бири өзүнүн чөйрөсүндө алдыңкылардан болсо, биз бүткүл дүйнөгө таанымал номер биринчи өлкө боло алабыз. Эгер номер бир боло албасаң сен эң акыркысың.

Алтыдан жетиге чейин дискотека, андан тогузга чейин концерт, концерттен кийин дискотеканын уландысы болмокчу. Менин чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарым үчүн дискотеканы, флешмобду, концертти бекер кылдым жана бургерлер да бекер таратылат.

—Негизи эле сиздин шоу бизнес чөйрөсү дейбизби, сахнада дейбизби, айтор чыгармачылыкта эмгектенип жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

—3 жылдан бери шоу бизнес чөйрөсүндө жүрөм. Сахнада ырдаганыма дагы 3 жылдын жүзү болду. Ушул убакыт аралыгында көптөгөн чыгармаларды жаратып, клиптеримди тарттырганга жетиштим.

—Сиздин концертке чет жактан да коноктор келеби? Эмне үчүн орус тилинде алып барганы жатасыз?

—Ооба, Казакстандын Майкл Жэксону Кайрат Тунтеков келип легендарлуу поп падышасы Майкл Жэксондун чыгармалары менен кошо өзүнүн чыгармаларын аткарып берет. Андан башка конокторду чакырган жокмун. Жогоруда айтып өтпөдүмбү чет жактан коноктор гана келбестен чет элдик күйөрмандарым да келет. Анын үстүнө менин күйөрмандарым интернационалдуу десем жаңылышпайм. Баарына түшүнүктүү болгон орток тил орус тили болгондуктан орус тилинде алып барууну туура көрдүм. Мындан кийинки концерттеримди кыргызча-орусча алып барууга аракеттенем. Чоң программадагы концерт болгондуктан ири компаниялар демөөрчүлүк кылып колдоп жатышат. Абдыш-Ата Nitrо маркасы менен, Каприз конок үйү, Нуdе Раrк, НТС жана Азия Молл. Башкы демөөрчү өзүм негиздеген Хай Тайм окутуу борбору. 2020-жылы кыргызстандыктарды англисче үйрөтүшүм керек деген чрң максатка жетүүгө Хай Тайм мектеби чоң жардам берип жатат.

—Концертиңизге Хуан жездебиз катышабы?

—Хуан жолдошум келе албайт. Ал кишинин чет мамлекетте долбоорлору өтө көп болуп жаткандыгына байланыштуу иштери менен чет жакта жүрөт.

Самара Саламатова

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: