Menu

Ташкент Каримовдун тууганын экстрадициялоо өтүнүчү менен Киевге кайрыла элек

Бөлүшүү:

Расмий Ташкент азырынча Өзбекстан жараны Акбарали Абдуллаевди өткөрүп берүү өтүнүчү менен Украина бийлигине кайрыла элек. Бул тууралуу Киев шаардык сотунун басма сөз катчысы Надежда Максимец билдирди. Акбарали Абдуллаев  –  Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримованын жээни.

Киев шаардык сотунун билдирүүсүнө караганда, Акбарали Абдуллаев өзбек бийлиги тарабынан миллиондогон акча каражатын уурдап алган деп айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Сот аны 40 күнгө камакка алуу чечимин кабыл алды. «Бул аралыкта аны Өзбекстанга өткөрүп берүү маселеси чечилиши керек», – деди Надежда Максимец.

Учурда Акбарали Абдуллаев Киевдин Соломенск райондук тергөө абагында камакта жатат.

33 жаштагы Акбарали Абдуллаев Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримованын эжесинин уулу. Ал 2013-жылдын октябрында экономикалык кылмыштарга айыпталып, мамлекет башчынын жеке буйругу менен камалган. 2014-жылдын ноябрында белгисиз мөөнөткө эркинен ажыратылган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын жеке иликтөөсүнүн жүрүшүндө былтыр Абдуллаевдин мунапыстын негизинде шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылганы белгилүү болгон. 2-сентябрда президент Ислам Каримов көз жумгандан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен.

Украинанын Fakty.ua интернет-басылмасынын маалыматы боюнча Акбарали Абдуллаев бир нече жума мурда Кариб аралдарынан Киевге учуп барган. Текшерүү маалында анын жанынан Өзбекстандын жана Доминикан өлкөсүнүн паспорттору табылган. Ал эл аралык издөөдө болгондуктан Киев аэропортундагы паспорттук текшерүү учурунда кармалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: