Menu

Тажикстан ИИМ башчысы тартип сакчыларына тезинен арыктоону буюрду

Бөлүшүү:

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлерине тезинен арыктоого буйрук берди. Көрсөтмөнүн аткарылышын көзөмөлдөө милдети атайын комиссияга жүктөлдү

“Милиционер семирип баштаганда анын жумушка болгон жөндөмдүүлүгү азаят. Баардык кызматкерлер эл аралык таблицадагы жаш жана бойго шайкеш келиши керек. Азырынча айрымдары бул норманы сактабай жатат, муну менен күрөшүү керек”,-деди министр.

Тажикстанда 2016-жылы декабрда ИИМ кызматкерлери атайын инструкция алышкан. Ага ылайык, бою 168-170 сантиметр болгондор 75 килограмм салмактан ашпоого тийиш. Бул көрсөтмөнү аткарбагандар жумуштан бошотулары эскертилген.

“Азырынча бизге эч ким так параметрлерди берген жок, бирок кызматкерлердин 50% ашууну беш-он килограммга арыктады”, — деди күч түзүмдөгү өз булактардын бири.

Министр Рамазон Рахимзода спорт менен жигердүү машыгат, муну кол алдындагылардан дагы талап кылат. ИИМдин атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, аппарат жана башкармалыктын кызматкерлери эки айда жумасына бир жолу үч чакырым аралыкка чуркап, мекеменин бассейнинде сүзүшүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча жыйырма жаштан жогорку курактагы тажик эркектеринин – 31,2% жана аялдарынын – 30,5% ашыкча салмак менен жабыркашат. Бул көп ун, шекер жана малдын майы колдонулган жергиликтүү ашкана менен байланыштырылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: