Menu

Аскаровдун адвокаттары өкүм боюнча Жогорку сотко кайрылат

Бөлүшүү:

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти. Камактагы укук коргоочу күнөөсүн четке кагууда.

24-январда Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровдун иши боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган. Сот Аскаровдун күнөөсү күбөлөр менен жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде далилденгенин белгилеген.

Европа биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү кыргыз бийлигинен Азимжан Аскаров камакта жатканда кабылган ырайымсыз мамилелерди тыкыр иликтөөнү күтө тургандыктарын белгилешти.

«Кыргызстандын эл аралык макамын сактап туруусу үчүн анын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин толук аткаруусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин пикирин эске алуусу абдан маанилүү», – деп айтылат ЕБдин билдирүүсүндө.

Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашап, укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектип келген. 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин ал башаламандыктарды уюштурган жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген шек менен кармалган. Кийин бардык сот инстанцияларынын чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

2016-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгууга чакырган. Комитет өз чечимин Аскаровдун мыйзамсыз кармалгандыгы, кыйноолорго кабылгандыгы жана начар шарттарда кармалып тургандыгы менен негиздеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: