Menu

Ооганстанда вице-президент саясий атаандашын уурдоого шектелүүдө

Бөлүшүү:

Ооганстандын Башкы прокуратурасы өлкө вице-президенти Абдул Рашид Достумдун кол алдындагы тогуз кишини камакка алуу буйругун берди. Алар Достумдун саясий атаандаштарынын бирин уурдап барып кыйноого алышкан деп шектелип жатышат. Саясатчы айыптоолорду четке кагууда.

Башкы прокуратура Достумдун кол алдындагы адамдары суракка келбегенден кийин камоого уруксат берген. Алардын көбү өлкөнүн вице-президентинин жеке жансакчылары. Достум этникалык өзбек жана мурда Ооганстандын түндүк бөлүгүндөгү талаа командири болгон.

Достумга мурдагы партиялашы Ахмад Ишчини кармоого буйрук берген деп айып тагылышы мүмкүн. Ишчи 25-ноябрда Достумдун кишилери тарабынан уурдалганын билдирүүдө. Айтымында, алгач ага Достум кол салып, кийин башка үйгө алып барып бир нече күн ырайымсыздык менен сабашкан.

Ооган вице-президентинин аппарат башчысы Ишчи «жоочуларга жардам берген деп шектелип, бул иш тергелип жатканын билдирди. Бирок Ишчинин жакындары ал Достум менен жеке араздашуусунан улам уурдалып, сабалган деп болжолдоп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: