Өзбекстанда Камчик ашуусуна кар көчкү түшүп, темир жол инфраструктурасы жабыркады. “Анжиян-Ташкент” багыты боюнча жүргөн поезддер токтоду.
Социалдык түйүндөрдө темир жолго кулап түшкөн оор жүк ташуучу унаанын сүрөтү пайда болду. Кар көчкү 23-январдагы жер титирөөдөн кийин түшкөн.
Натыйжада кар күрткүсү 41 вагондон турган жүк ташуучу поезди басып калган. Бир нече вагондор көңтөрүлүп кеткен. Кар көчкүдөн улам темир жол талкаланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча темир жолго түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 150 миң куб метрди түзөт. Учурда 10 миң куб метр кар тазаланды, 7 вагон поездге чиркелип, “Ангрен” станциясына жеткирилди.
Өзбекстандын темир жол компаниясы профилактикалык-техникалык жумуштарга байланыштуу “Ташкент-Анжиян-Ташкент” багыты боюнча жүргүнчү ташыган поезддерди убактылуу токтотту.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ