Menu

Казакстанда Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөрдүн долбоору жарыяланды

Бөлүшүү:

Казакстанда мамлекеттик басылмалар Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн долбоорун жарыялады. Документте президент Нурсултан Назарбаев сунуштаган ыйгарым укуктарды бийлик бутактары менен бөлүштүрүү маселеси камтылган.

Башкы мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин бир катар ыйгарым укуктары парламент жана өкмөткө өткөрүлүп берилет. Социалдык-экономикалык маселелерди жөнгө салууда министрлер кабинетинин жоопкерчилиги жогорулайт. Баш-аягы Конституциянын жыйырмадай беренеси өзгөрүүгө дуушар болот.

Баш мыйзамдын “Президент” деген бөлүмү жана анын ишмердүүлүгүнө тиешелүү беренелер өзгөрөт. Анын ичинде, премьер-министр өкмөттүн түзүмүн жана курамын парламент менен макулдашкандан кийин президентке сунуштайт. Тышкы иштер жана коргоо министринен башка өкмөттүн мүчөлөрүн президент премьер-министрдин сунушу менен кызматка коет жана бошотот. Мамлекеттик программаларды президент бекетиши керек деген норма негизги мыйзамдан алынат.

Өкмөт борбордук аткаруу бийлигин түзүү, таратуу сыяктуу ыйгарым укуктарга ээ болот. Социалдык-экономикалык саясат, коргонуу, коомдук тартипти сактоодогу негизги багыттарды өкмөт президенттин макулдугу менен иштеп чыгат.

Бир күн мурун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев телекайрылуу жасап, айрым укуктарын парламент жана өкмөткө өткөрүп берүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор элдин талкуусуна коюлат. Талкуу президенттин көрсөтмөсү боюнча 2017-жылдын 26-февралына чейин болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: