Menu

Видео – Дача СУУнун жашоочулары: “Самолет кулаганда милициялар бизди кууп чыгып, лента тартып, өлгөндөрдү унутуп салышып, товарларды жүктөп жүрүштү”

Бөлүшүү:

Белгилүү акын Бурулкан Карагулова 16-январдагы Дача СУУ айылында болгон авиакырсыктын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн, фотолорун жана видеотасмаларын жарыялай баштады:

“Куткаруучулар 10 мүнөт, 20 мүнөттө келишти” дешкендери жалган. Биз 80 пайыз сөөктөрдү чыгарып бүтүп койгондо биринчи солдаттар келди. Алар тизилип кыркалекей турушту. Анан милициялар келип лента тартып киришти. Бизди кууп чыгып товарды чукуй башташты. Аларды сүрөткө тартып алдык. Жакшылыкты тоголок жетим калды деп жазып атышпайбы, анын атасын тирүү алып чыкканбыз. Бизди “кеткиле” дегенде, “бул адам тирүү экен” деп кыйкырдык. Болбой күчкө салып бизди кууп чыгышты. Солдаттар жардамга келген жок. “Тизилип тур!” деген команданы аткарышып тизилип турушту алар. Анан 3 сааттан кийин МЧС (ӨКМ) келди. Колунда эч нерсе жок, бизден айыл кыдырып күрөк сурашты. Анан кийии-ин гана “Тез жардам” келди. Жакшылыктын атасын кийин “өлдү” деп айтышты. Эгер бизди кууп чыгышпаганда жардам берип аман алып калат элек өзүбүз. Алар самолеттун “кара жащигин” издеп атабыз деп, товарларды жүктөп жүрүштү. Өлүктөрдү унутуп салышты. Бизди жөн койсо, кайсы жерде ким жатканын көрсөтөт элек, балким көбүн тирүү алып калат элек. Анан эле биз калып, 5 сөөк чогулткан алар баатыр болуп чыга келишти… Бечара учкучтардын бири тирүү болчу. Тирүү десек да болбой эле үстүнө чүпүрөк жаап салышты. Ал креслосу менен чогуу ыргып түшүптүр. Дагы уялышпай “жолдо скорыйда баратып үзүлдү” деп айтышты…

“Бизди сүрүп чыгарып ийип, адамдарды урандыдан издебей эле сотка издеп киришти”

“Бизди да киргизбей, өздөрү да жер чукубай, учак түшкөн жерди гана кароолго алып кайтарып турушту. Биздин күйбөгөн жерибиз күл болуп карап турдук” дешет тургундар.

Бул сөздөрдү ыйлап айтып берип жатышты. Тургундардын сөздөрү өзгөртүүсүз жазылды.

“Бизди ушинтин жолотпой коюшту, же өздөрү кыймылдашпайт. Уранды астынан кан болгон дене бөлүктөрү чыгып турду. Арманыбыз аттын башынан да чоң” деп орган кызматкерлерине нараазы болгон элдин үнүн элге жеткирейин десем, агенттер кысымга алып жатышат…


Бурулкан Карагулова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: