Европа Биримдигинин ЕККУ алдындагы Туруктуу Кеңеши түркмөн бийлигинен өлкөнүн мурдагы чек ара кызматынын башчысы Тиркиш Тырмыевдын өлүмүн тыкыр иликтөөгө чакырууда. Кеңеш генерал-майордун түрмөдөгү сырдуу өлүмүнө кабатыр.
Билдирүүдө айтылгандай, мурдагы генерал 15 жыл бою түрмөгө камалып, кыйноолорго, адам чыдагыс мамилеге кабылган. Буга байланыштуу Евробиримдиктин ЕККУ алдындагы Туруктуу Кеңеши түркмөн түрмөлөрүндөгү кыйноолорду иликтөөгө үндөдү.
Чек ара кызматынын мурдагы башчысынын сөөгү 13-январда туугандарына берилген. Ал Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук комитетинин топ офицери менен бирге оор кылмыш жасоого күнөөлөнүп камалган.
Айрым маалыматтар боюнча Тырмыев 2002-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылы түрмө кароолчусуна кол салгандыгы үчүн экинчи жолу соттолгону кабарланган. Туугандарынын айтымында, Тырмыевди энеси 2002-жылы бир жолу гана көргөн, андан соң аны эч ким менен байланыштырышкан эмес.
Эл аралык “Аларды тирүү көрсөткүлө” укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча Түркмөнстанда камактагы 80ден ашуун адамдын тагдыры белгисиз.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ