Казакстандан Кыргызстанга көмүр ташып келаткан 57 вагондуу поезд кырсыкка кабылып, акыркы алты вагону рельстен чыгып кетти. Бул маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Окуя 31-январда эртең мененки саат тогуздан өткөндө Казакстандын Мерке айылына жакын жерде болгон.
Поездде келаткан төрт кыргыз жарандарынын эч кимиси жабыркаган эмес.
Поезд “Луговое” станциясынан “Бишкек-1” станциясына көмүр алып келаткан эле. Кырсыктын чоо-жайын эки тараптуу комиссия иликтеп жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ