Menu

Санкт-Петербургдагы полиция бөлүмүндө өзбекстандык мигрант өлтүрүлдү

Бөлүшүү:

Санкт-Петербургда 28-январга караган түнү Пушкин райондук полиция бөлүмүндө каза болгон 39 жаштагы өзбек мигранттын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка полиция бөлүмүнө башка адамды өлтүргөн деген шек менен жеткирилген өнөкөт кылмышкер айыпталууда.

Каза болгон мигрант полиция бөлүмүнө Орусиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн жеткирилген. «Анын тек-жайы аныкталды. Тергөө иштерин Тергөө комитетинин Санкт-Петербург боюнча башкармалыгы жүргүзүүдө», – деп билдиришти полициядан.

28-январга оогон түнү Пушкин райондук полиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында өлтүрүлгөн адам Өзбекстандын 1977-жылы туулган жараны болгон. Азырынча полиция мигранттын тек-жайы тууралуу башка маалымат бере элек.

Кылмышка Санкт-Петербургдун 24 жаштагы жашоочусу айыпталууда. Ал полиция бөлүмүнө башка кылмышка шектелип алынып келинген. Орусиянын Тергөө комитетинен учурда административдик мыйзам бузуу үчүн кармалган өзбек мигрантынын эмнеге оор кылмыш кылган адам менен бир камерага кармалгандыгы териштирилип жатканын билдиришти.

Тергөөчүлөрдүн болжолдуу версиясы боюнча камакта жаткан маалда экөө айтыша кетип, жыйынтыгында кылмышкер өзбек мигрантты катуу сабап салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: