Menu

Дүйнө саякатчысы Яцек Палкевич

Бөлүшүү:

Бир караганда, ал көчөдөгү көп элден өзгөчөлөнбөйт. Балким жөн гана жагымдуу келбети, ишенимдүү кадамы менен тигиле караганы болбосо. Аны менен кыска аралыкта жолугушкандардын баары эле ага боор тартып калышкан эмес. Алар анын чорт  мүнөзүнө: «Балким, мен сенден күчтүү эмесмин, бирок сен мени жеңе албайсын, себеби мен чарчап-чаалыкпайм, а сен чарчап каласын» – деген сыңары кескин ойду жана өзүнө-өзү толук ишеним менен айтып тургансыйт. Же италиялык велосипедди: «Кайсыл жерге чейин жетсеңер да, биз ал жерде болгон болобуз»- деп жарнамалап жатканда айтканындай.

Бул италья-польшалык саякатчы менен жакындан таанышкандар алгачкы жолугушкандагы көз караштары туура эмес экенин баса белгилешет. Анын инсандык эрктүүлүгү, харизмасы жана бардаштуулугу – кимди болбосун кызыктырып, өзүнө тартып турат. Жакындан тааныша баштагандан тарта, ага болгон достук сезим жана симпатия пайда боло баштайт. Анын буркан-шаркан түшкөн турмушу тууралуу билгенден кийин ким болсо да анын чорт мүнөзүн көтөрүүгө моюн сунат.

Яцек Пал­ке­вич, биздин замандын көрүнүктүү саякатчысы, өзү каалаганындай жашайт. Өмүрүн бүтүндөй  өзү каалагандай жашоого арнагандай. Ал баардык нерсени билгиси жана көргүсү келет. Көп да эмес, аз да эмес – дегеле баардык нерсени. Жер шарында ал бара элек аз эле жер калган. Ал кабылган окуяларды элестетүү кыйын эмес.

Американын жумалык «Newsweek» маалымат каражаты «Алгачкы ачылыштарды жасагандардын акыркы мууну» тизмегине кошуп – мындан кийинки келгиндер төө кербенинин укмуштуудай калоритин, парустуу сампанды (кытай кайыгы), Бутандагы яктарды (уй сымал бийиктикте жашаган жаныбар) жана Индокитайдын пилдерин көрө алышпайт деп жазган.

Ал саякатчылыкка дилгир болуп туулган. Глобусту келечекте багындыруучу,  бала курагында эле географиялык атласты жатка билип алат.  Миландагы журналистика факультетин 1970-жылы аяктайт. Өзү айткандай, ошол эле жылы Линданын колуна түшкөн. Латиноамерикалык брюнетка(кара тору) сулуунун версиясы бир аз башкачараак: «Башында ал менен жолугууга көңүлдөнгөн эмесмин. Кийин анын инсандык дараметин бааладым. Ал менен өзүмдү корголгондой сезем».

Үлпөт тойдон кийин, ал Генуяга барып Либерия консульствосунда экинчи штурмандыкка сынактан өтөт. Бул деңиз жүрүүчүлөрү аркылуу соода-сатыктын гүлдөп турган мезгилиндеги экзотикалык маршруттагы кемелерди тандоого болоор эле: Индокитай, Латын Америкасы, Полинезия, Африка жээктери…  Кемеде сүзүү менен  Яцек, дүйнө менен таанышып, эл көрүп, жер көрүп эле тим болбостон, өзүнө каражат да топтоду. Бат эле зэригип кетти да, эки жылдык тентиген жашоодон кийин алтын-кен казууга Гана жерине жөнөдү. Бул жумушту да жакын досу жардыруудан каза тапкандан кийин таштады.

Анын ой-түрмөгүн козгоп, тынчын алган Кара континент болду. Яцек Сьер­ра-Ле­о­н жерине барып, британдыктарга баш ийген алмаз казуучу кенине кароолчу офицер кызматына орношот. Ал жерде жашоо шарты керемет эле деп эскерет Яцек.

Кызматчысы бар апар­та­мен­т, күмүштөн идиштер, француз виносу, кондиционер, ар бир бөлмөсүндө –  гольф аянтчасы көрүнүп турган террасасы(айванча) бар. Жумушта болсо абал жакшы эмес эле. Палкевич  мыйзамсыз алмаз издегендерди куугунтуктоо учурунда кадимки эле ок атышууга кабылып турчу жана  400 кв. км. аймакты джип автоунаасы менен   кыдырып кайтаруу  милдетин аткаруучу.  Андан да коркунучтуу жана өкүнүчтүүсү бири бирине болгон ишенбөөчүлүк жана шектенүү эле.

Венециядан алыс эмес Бас­са­но дель Грап­падагы үйүнө кайткан Яцектин бир нече эксклюзивдүү репортажы «Дженте» жумалыгынын редакторун катуу таасирлентти. Ошондон тарта ал редакциянын каражаты менен дүйнө кыдырууга мүмкүнчүлүк алды.   «Валь­па­ра­и­зо, Ку­чинг, Тим­бук­ту (Ма­ли), Ма­на­ус (Бра­зи­лия), Ман­да­лай (Бир­ма), — жазган китептеринин биринде, — дайыма менин фан­та­зиямда укмуштуудай экзотикалык окуялардын ийкемдүү кубулуштардын өтүшүндөй сезилчү».

Күнүмдүк турмушунда кандагы адреналиндин деңгээлин кармап турууга  1983-жылы алгачкылардан болуп биздин континентте аман калуу Академиясын негиздейт. Анын колунда баардык «көзүр» бар эле. Сегиз жыл мурда чакан сактоочу кайык менен Атлантиканы жалгыз кесип өткөн, Аризонада тирүү калуу курсун аяктайт, израильдин белгилүү антитеррордук Лео Глезер мектебинде атайын даярдыктан өткөн, менеджмент ыкмаларын үйрөнүп, рухту чыңдоочу, азыркы замандын лидерине таандык – тырышчаактыкты өөрчүтүү, өзүнө ишенимди күчөтүү сыяктуу машыгуулардан өтөт. Яцектин мындай демилгеси болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Анын окутууларына Альпы этегиндеги жапайы аймактарында экстремалдык кырдаалдан чыгууну үйрөнүүгө чиновниктерден тартып студенттер, аскердик учкучтар жада калса миссионерлер келишти. «Эгер тынчтыкты кааласан – согушка даярдан», – деген чакырыкты Яцек өзүнүн окуучуларына дайыма кайталап айтаар эле. Зыянды алдын алуу үчүн кылдаттык менен кесепеттерин изилдеп табуу керек.

Академиядан алган диплому кадырлу визиттик карточка болуп калды. Петербургдагы Т. Светлананын эскерүүсү:

— Абдан оор болгон. Биринчи эле түнү бизди инструкторлор керебеттерден тургузду да, чакан тайпаларга бөлүштүрүп төгүп турган жамгырга карабастан жоголгон чалгынчыларды(скауты) издөөнү буйрушту. Биз кайтып келгенде, арабызда эки курсант жок экени аныкталды. Түндүн калган бөлүгүн токойду тинтип чыктык. Дал ушундай практика үстүндө биз сабакты баштадык. Барселонадан келген менин курдашым мугалим экөөбүз үчүнчү күн дегенде бул октуулардан кетүүнү чечтик.  Яцек биз менен эркекче сүйлөштү, бизди уяткарды жана жаңылып жатканыбызга ишендирди. Биз окутуулардын аягына чейин катыштык. Азыр окуунун аягына чейин катышканым үчүн сыймыктанам. Палкевичтин мектебинде мак­си­малдык фи­зи­калык күч, азап жана кыйноо кадимки эле көрүнүш. Булар адамдын психикалык чыдамкайлыгын бекемдеп жана жашоодогу чечкиндүүлүккө тарбиялоочу элементтер.

— Бир күнү кечинде мага мурдагы курсантым чалды, – дейт Яцек. – Бир жума мурда анын сатып алан «мерседесин» уурдашыптыр. Ал машинасына эмес, анын ичинде калган бизден алган дипломго кейип жатыптыр.

Бул мектепке белгилүү итальялык актер Эн­ри­ко Мон­те­са­но өзүнүн про­дю­се­ри менен келди. Жарым жылдан кийин Яце­к Пал­ке­ви­ч жана анын мектеби жөнүндө «Кру­тые ре­бя­та» деген көркөм фильм сезондун кассалык тасмасы болду.

Мектеп анын он жылын алды. Мындай тынчы жок адам үчүн өтө узак мөөнөт. Анын ой-сезимин көптөн бери Въетнам козгоп жүргөн. Яцек 1992-жылы үрп-адат,  салт-санааларын миң жылдардан бери ушул күнгө чейин  сактап келген обочолонуп жунглиде жашаган Джарай уруусуна  барууга въетнам бийлигинин уруксатын алат.

Анын андан аркы жолу айтып берүүгө мүмкүн эмес, акыл жеткис болду. Венесуэлада Ориноко башатында биздин цивилизация менен байланышуудан  качкан индейцтердин ондогон Йаномами топчолорун тапты. Ошол эле жылы Индонезиянын, Батыш Ирианасындагы Мамберамо дарыясынын айланасында жашаган Бауси уруусуна да жетти. Ал жакта азыр да каннибализм жана адам башына мергенчилик кылуу менен алектенишет. Кийин баш оту менен Амазонка менен алектенди.  Ал улуу америка дарыясынын башаты кайдан башталаарын аныктоону каалады. Аныктады. Жыйынтыгында Амазонка дүйнөдөгү эн узун дарыя болуп чыкты. Бул ачылыш, өтүп кетип жаткан миң жылдыктагы акыркы географиялык ачылыш экенин экспедициянын колдоочусу Перунун вице-президенти Рикардо Маркес, Перунун географиялык коому аркылуу бышыктаган.

Кимдир бирөө Палкевич Жак-Ива Кусто экспедициясына катышуудан баш тартты, анткени ал башкалардын көлөкөсүндө калууну жактырбайт деп мазакалап жазды. «Андай эмес, – дейт Яцек. – 1982-жылы Амозонияга мени командир чакырган, бирок ал убакта менин башка пландарым бар эле».

Саякатчынын укмуштуудай окуялары китеп, газета жана журнал беттеринен орун алды. Анын «Сет­те» аталышындагы  италиянын эң чон «Ка­рь­ер­ре дел­ла Сер­ра» гезитинин ил­лю­с­т­рацияланган тиркемесинде, ар кандай  «Плей­бой» басылмаларда жана дагы – тизмеги узун басылмаларда орун алат. Саякат менен окуялардын ортосунда жүрүп ондогон кызыктуу китептер жазат, анын экөө Россиядан чыккан.

Саякатчынын визиттик карточкасы «Профессия–турмуш» чыгармасы эсептелди («Арт­лик» басылмасы). Бул очерктер сериясы жаратылыштын көз тайгылткан кооздугу жана Жер сырынын керемети менен чыныгы эркектердин белгисиз жана күтүүсүз окуяларга жолукканы тууралуу. Ал менен достук мамиледе жүргөн Светлана Сорокина,  ага ичим күйөт: ал айтып берген ар бир окуяны, оозумду ачып угамын- дейт. «Ушунун баарын бир адам жасаганына ишенүү кыйын», – польшалык актриса Беата Тышкевич сыймыктануу менен белгилейт.

Ал эми, дүйнөдө күтүүсүз коркунуч жараткан Эл аралык терроризм болгондуктан,  Яцек четте калбады. Көрсө ал мурдатан эле мындай зулумдукка каршы аракеттенип жүрүптүр. Россиянын коопсуздук Кеңеши жана польшанын мамлекеттик структураларынын макулдугу менен 1997-жылы Приполярья жана жунглиде, чөлдүү аймактардагы экстремалдык шарттарда элиталык антитеррордук бөлүмчөлөрдү жогорку стресстик кырдаалдарга туруктуу болууга даярдоону колго алды.

Ле­о­нид Пе­т­ров, «Русь» ассоциациясынын президенти,  СОБРдын жетекчисинин мурдагы орун басары, программанын алкагында кызматташуучунун белгилөөсүндө:

— Элдерде дайыма, кай жерде болбосун, кандай кырдаалга кабылбасын өкмөттүн  аларды коргоп алганга күчү да каражаты да жетээрине шектенбей ишеним болуусу кажет.  Алар, Россия террористтер менен оор климаттык шартта да күрөшүүгө адисттери бар экенин билиши керек. .

Эбегейсиз эмгек, күндүн мээ кайнаткан аптабы, кар күрткүлөрү, тайфун, жолсуздук, коркунуч, чыдай алгыс чаңкоо, башкалар үчүн болгон жоопкерчилик… Мунун баары баатырдыкты туруктуулукту, адам чыдагыс тырышчаактыкты талап кылат. «Жана да жапайы жаныбардыкындай чың ден-соолукту» – деп кошот Яцек.

Сахаранын аптабындагы машугууларда коммандос өзүнүн карамагындагыларга «чындык маршын» өткөрдү. Бул сааттарды офицерлердин бири эскерет:

– Мен, эгер жыгылсам, ошол бойдон кайра турганга алым калбай калат деп корктум. А Яцек болсо тынбай кетип бара жатты, кетип эле бара жатты.

Өткөн жылы аны цивилизациялуу Варшавадан да кооптуу кырдаал өзү тапты, ал коркунучтуу бандиттен аял кишини сактап, зордук-зомбулукту алдын алды.

Коопсуздук боюнча профессионал катары «Шаар жунглисинде аман калуу» деген бестселлер жазды. Ал зордук-зомбулуктун эпидемиясына жалгыз полиция туруштук бере албайт деп ишенет. Полиция менен кызматташуу гана элдерди коопсуз жашоо сезимине алып келет. Элдер кылмыштуулук менен күрөшүүдө катуу ыкмаларды көбүрөөк колдонуусу маанилүү…- дейт ал.

Ал жылдын алты айын саякат менен өткөрөт. Мындай тынчы жок киши кайсыл жерде эс алаары кызык? Жылына эки жолу өмүрлүк жары менен бирге кадимки чөйрөдө эс алууга барат. Акыркы 20 жылдан бери негизинен кайра кайра ошол эле: Испания, Стамбул, Бу­э­нос-Ай­рес, Вар­ша­ва, Па­рижде болот.

— Ис­па­ния күйөм экөөбүзгө магниттей эле таасир калтырат, – дейт Линда, – Бул ар кандай диний майрамдары, цыган фальклору Андалузии(туристтик аймак), фламенко(испан бийи) жана коррида(кызыл түстүү материага карай бука салгылашы) сыяктуу түркүн түстүү, салты бар кооз дүйнө. Мени сүрөтчү катары фиеста таурина (уй этинен тамак-аш) – коррида башкача бир дем берет, анткени ал күчтүү кабатырлануунун концентраты(чогундусу).

Стамбул шаарында бир нече күн «Меркурий» мейманканасынын 17 кабатында 1711 бөлмөсүндө болушат.

— Ал жерде шаардын панорамасына саресеп салууга, Алтын мүйүздөн күндүн кооз батышын, Сулеймандын мечиттеринин укмуштуудай минареттеринине суктанууга болот.

А Бу­э­нос-Ай­ре­стечи?

— Дүйнөдөгү эн кенен Авенида 9 проспектисинде жашоо гүлү түнкүсүн ачылып, таң заарына чейин уланат. «Милонгер» атмосферасындагы – чакан ресторандар, аргентина тангосу бийленген жер, тарыхий «Сур» бары, «Альмагро» клубу, Ла Вирута же аброю жакшы эмес «Чино» бары – дейт Яцек.

Алардын Бас­са­но дель Грап­панын четиндеги тынч жөнөкөй жана чакан үйү – бул дүйнөдөгү өзгөчө бир музей жана Амозония урууларынын жана аборигендердин искусство галереясы.

Бир топ жыл мурда Яцек Ан­д­ре Мал­ро ондон ашык ба­ре­ль­е­фтерди (графика) Ан­гко­ра, Кам­бо­д­жа ибадатканалардан (храм) алып кеткенин жазган эле. Яцек өзү да, де Голльдун досу болгон жазуучуга окшошту. Буга анын Гоби кумунан казылып алынган Монголиядан алып келген диназвардын калдыктары,  мамонттордун тумшуктары менен морждордун азууларынын коллекциясы күбө боло алат.

Мына бул эбегейсиз чоң азууга Яцектин Ой­мя­ко­не уюлуна болгон саякатында 50 градус суукта бугулар чегилген жип музга айланып калганы жана анын аз жерден өлүмдөн калганы тууралуу баян жазылган.

Ал эми ашкана жактан Линданын тарткан укмуштуудай сүрөттөрүн көрүүгө болот. Алардын кайсынысы өзгөчө баалуу экени белгисиз – натюрмортторбу же көмүр менен тартылган пейзаждарбы.

– Сүрөттөр өтө көп, – дейт сүрөтчү, – ааламага тарап кетти. Кээ бирлери Францияда жана АКШда жеке коллекцияга кабылышты.

Пал­ке­ви­чтер светтик жашоо образын кечиришет, үйлөрү фандарга, досторуна жана саякатчыларга дайыма ачык. Келген коноктордун эстелик галлереясында белгилүү адамдардын фотосүрөттөрүн көрүүгө болот: Эду­ард Ше­вард­над­зе кар­ди­на­л Глем­п менен, Лех Ва­лен­са жана Жак-Ив Ку­с­то. Андан ары — Ур­су­ла Ан­д­рес, ге­не­рал Яру­зель­ский, по­сол Юрий Ка­ш­лев, Ад­ри­а­но Че­лен­та­но, Ежи Ку­куч­ка, Юрий Сен­ке­вич, ко­с­мо­нав­ттар Вла­ди­мир Джа­ни­бе­ков жана Вла­ди­мир Ша­та­лов, Кла­у­диа Кар­ди­на­ле жана башкалар.

Аялзаты…  Пал­ке­ви­чтин турмуш китебинин өзгөчө бөлүгү. Алар анын жашоосунда башкача орунду ээлешет. Көп жылдар бою анын назарында чыгыш-азият тибиндеги аялзаттар болушкан: жылмайышкан жана сезимтал, сыйкыр жана азгырык аралашкан сулуулар. Кийин кезек латин-америкалык типтеги аялзаттарда болду: темпераментке толгон, чечкиндүү кара торулар.

Анын кастарлаган ашыктары жетилген курактагы аялзаттары болушкан, бир жагынан ал бул курактагы айымдардын физикалык түзүлүшү идеалдуу болбосо да, чындыгында кызыктуу деген Бальзактын оюн тең бөлүшөт.

Аялзаты жана махабат тууралуу Рим билерманы Ови­дий, аялзаты 36 жаш курагынан кийин гана бараалына келе баштайт деп жазган. Жаш, али ачыла элек кыздар оюнга кызыгат, ал эми кырк жаштагы аялзаты ырахат алууну көздөйт. Биринчиси «моюн сунат», экинчиси «тандайт». Кийимин чечинген кыз, ал баарын бүтүрдүм деп эсептейт, андан улуу айым жыныстык жакындашуунун кол жеткистиги менен сексуалдуулугу кандай гана эркек тана болбосун сезимин козгой алат.

«Токтолгон курактагы айым, – деп белгилейт Панкевич, – ала жипти аттоого көбүрөөк ыктайт. Канчалык татынакай бойдон сакталбасын, анын чоңойгон балдары убакыттын катаалдыгы жана өмүрдүн тынымсыз агымы, колдун манжаларынан аккан кумдай куюлуп, жаштыгы менен кошо жашоонун болгон жыргалчылыгы өтүп жатканы тууралуу ойлоно берет. Карылык жөнүндө ойлор кыжаалаттантып, кыйнап, эч кандай негизисиз эле стересске кабылтат».

Яцекке Кудай таала баардыгын берген. Ал өзүн толугу менен, аягына чейин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боду. Анын белгилүү аты жана бай тажрыйбасы, популярдуулугу, аплодисметтери, итальялык элеганттыктын жана класстын элесин берген сулуу айым Линда менен бирге турмуш кечиргенге жетиштүү каражаты бар. Линда дайым класс менен жүрүүчү, ошондуктан Париж, Нью-Йорк жана Миландагы мода көргөзмөлөрүндө кийимдерди демонстрациялоочу эң көрүнүктүү манекенщица болгон.

Ал өзү да Яцектин жашоого болгон түз көз карашы жана жакшы мамилеси менен ага  ишенич жана коопсуздук сезимин тартуулаганын белгилейт.

Яцектин жүрөгүн Линда,  «Crazy Horse» – мюзик-холлду пайда кылуучу түнкү жашоонун мификалык ыйыгы – кандай гана эркек болбосун эстен тандырган сулуусу, париж артисткасы Викки менен болгон атаандаштыктан жеңип алган.

Америкалык «Newsweek» жумалыгы: «Палкевич – накта изилдөөчүлөрдүн акыркы муунунун басып жүргөн легендасы. Ал көпчүлүк учурда өткөн кылымдын алгачкы тапкычтарынын стилиндегидей саякаттайт: Гоби чөлү, Сахара, Такла-Маканды төө менен кыдырса, Вьетнам жунглисин – пил минип, Амазонду – токоч менен, Скелет жээктерин …

Бир жолу Яцекке Москвадан чалышты. Чоң корпорациянын президентинин катчысы, анын шефи жана дагы беш бизнесмен Калахари(Намибия) чөлү же Эквадордун «жашыл тозогуна» болгон саякатта чогуу болууну каалаганын билдирди. «Баасы кызыктырбайт, – деп катысы ишендирди. – Албетте, алар биринчи класс менен Китого учуп барышат, токойго кирээрдин алдын «Ритц» отелине токтошот. Мындай буйрутманы Яцек салкын, энтузиазмсыз  кабыл алды.

Алгачкы күндөрү бири-бирин изилдешти. Башында саякаттын кыйынчылыктарына чыдай алышат бекен деген бүдөмүк ой болуп, Яцек бул компанияны көзөмөлдөй албай каламбы деп коркту. Чыдашты. Аткара алды. Кийин жанына «Мартель» конъягы бар чакан бутылканы салып алганын жана бир кечте чыңалуусун кетирүүгө пайдаланганын айтты.

Демек, анын дагы өзүнө ишенбеген учурлары болуп, коркунучту сезеби?

— А эмне үчүн андай болбосун? — дейт, Яцек дайымкысындай түп-түз бойдон.

— Коркууну сезбеген адамдын, үйүнө кайрылып келбей калуу коркунучу  бар. Ал өз учурунда жашыруун коркунучту аңдабай калат. Былтыркы жылы Сахара чөлүндө итальялык коммандостун денеси суюктукту кабыл албай – абдан суусузданды. Биз өз убагында байкап калып, чочулап, аны сактап калдык. Борнеодо бир окуя болду. Кара кобра телеоператорду чагып алды. Эгер саналуу секунддарда анын жараатындагы ууну соруп салбаганыбызда, ал жашабай калмак.

Яцек 50 жашка толгондо, аялы аны жок дегенде светтик жолугушууларга барган учурларда көйнөк менен галстукка көнүшүн өтүнөт. Аялы үчүн макул болот, бирок анын кийими – свитер менен джинсы. Палкевичтердин үйүндө атайын бөлмөдө Жер шарынын баардык тарабына саякатка чыгууга ылайыкталган экипировка(жабдуулар) сакталуу. Чөлгө, Амазонияга, Сибирге ылайыкталган шкафтар сакталуу. Яцек жолго чыгууга дайыма даяр. Бир жолу атайын кабарчы кезинде, редакциянын жооптуу катчысынын «Кайсы күнгө самолетко орун брондойлу?» – деген суроосуна Яцек: «Такси 15 мүнөттөн кийин ылдыйдан күтсүн деген жообун алган. Бүгүн деле ошондой. Ал ар дайым жаңы окуялар менен жолугушууга даяр.

Макаланы кыргызчага которгон,

Мейманбү Акжолова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: