«Ар-Намыс» партиясы чачырап, арка-бел тутаар белдүү мүчөлөрүнүн баары туш- тушка тарап кеткени айласын таппай калган Феликс Кулов чээнден чыккан аюудай жанданды. Эбак саясий карьерасына чекит коюлганына карабай, “бөрү карыса да бир койлук алы бар” деген накылды далилдегиси келип турганы чагы. Мындан улам, “жыгылса нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл” демекчи, түз эле бийликти омуроолоп, камакта жаткан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков ак жеринен бийликтин саясий куугунтугуна туш болуп жатат деген өңдүү сын-пикирлерди айтып чыкты. Сыягы калк ичинде кадыры калбай калганын, эчак эле эл ишениминен чыгып саясий критке кеткенин аңдай элек көрүнөт. Муну чачын ак аралаганга дейре түшүнбөгөн Кулов, бийликке сын айтсам эле эл ишенет деп ойлоп алса керек. Азыр Куловдун кеңешине президенттик шайлоого даярданып жаткан өзүнө окшогон аброюна карабаган алакөөдөн эле муктаж болбосо, эч ким анын айтканын мурдуна жуккан бокчо көрбөйт. Жаман оюнда, аламанга катышчулардын биринин штабын жетектеп, жеңишке жеткирем деп тил эмизип пул жасагысы келип “эшек курту” ойгонуп жатат окшойт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ