Жалал-Абад шаардык кеңешинин 12-январда “Ата- Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика – Ата-Журт” партияларынан куралган “Биримдик” аталышындагы көпчүлүктү түзгөн коалициясы тарап кетти. Туулбай жатып туна чөккөн коалициянын ыдырашына “Республика – Ата-Журт” фракциясынын коалициядан чыга «качканы» себеп болуптур. Көрсө баягы эле Бабанов оюн салыптыр. Ошентип КСДП менен “Кыргызстан” партияларын четке сүрүп чыгып ‘оюн көргөзмөкчү болушкан Бакыт Төрөбаев менен Камчыбек Ташиевди Бабанов ара жолго таштады. Оюн көргөзүп тургандай эми коалиция КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт” фракцияларынын ортосунда түзүлөт. Жалал-Абадды бийлегиси келип жаткан Төрөбаевдин деми сууп, шагы сынып отурат. Эми бийлик акыркы кездери азуусун көрсөткөндү өнөргө айлантып алган Төрөбаевдин жинин кагабы…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ