Menu

ЕККУ Кыргызстан менен Өзбекстандагы кеңселеринин макамын калыбына келтирди

Бөлүшүү:

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстан менен Өзбекстандагы кеңселеринин мандаттарын калыбына келтирди. Мындан тышкары орус-украин чек арасындагы “Донецк” жана “Гуково” өткөрүү бекеттеринде байкоочулар да иштеп баштамай болду. Мындай чечим ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Ташкентте ЕККУнун долбоорлорунун координаторунун кеңсеси иштейт. Бишкекте ЕККУнун борбору бар. 2016-жылы сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2017-жылдын 1-январынан тарта Борбордун макамын төмөндөтөрүн маалымдаган. Буга өлкөдө улут аралык кастыкты козутууга айыпталган Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынына катышып, сөз сүйлөөсү себеп болгон.

Бул арада Австриянын ТИМ башчысы, ЕККУнун азыркы төрагасы уюмдун Тажикстан жана Армениядагы бюролорунун мандатын дагы калыбына келтирүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: