Menu

Улуттук китепканада “Ыйман, адеп жана маданият – көөнөрбөс рух азыгы…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Эртең, 3-февралда саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде  “Ыйман, адеп жана маданият жылынын”  алкагында “Ыйман, адеп жана маданият – көөнөрбөс рух азыгы…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.

Жарлыктын максаты жарандын руханий мүмкүнчүлүгүн,  маданиятын, адеп-ахлагын өстүрүү жана Кыргызстандын уул-кыздарын тарбиялоого көңүл буруу.Ушуга байланыштуу, өзгөчө жаштар арасында кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп, ата-бабалардын кылым карытып келаткан жакшы каада-салттарын, ыймандуулукту, ата-энелерди, улууларды сыйлаганды жаштарга жеткирүү милдети турат.

Кыргызстанда 25 жашка чейинки курактагылар калктын жарымынын көбүн түзөт. Бул өтө маанилүү фактор, Кыргыз Республикасынын негизги ресурсу, келечектеги бакыбаттыктын уюткусу.

Акыркы 25 жылдан бери мамлекет жаш адамдын билими, интеллектуалдык жаг-дайы, тарбиясы, ыйманы тууралуу иштер колго алынбай, көп көңүл бурулбай келген. Тарбиясыздык күчөп,  оройлук кадам сайын орун сүргөн. Ушунун баары эске алынып бул жарлык учурунда кабыл алынганы, ушул жагына басым жасалып жатканы бекер жерден эмес.

Коомубузда тарбия, ыйман, адеп-ахлак деген түшүнүктөр бир топ төмөндөп, саясий маданияттуулуктан да аксап келет.

Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш. Былтыркы маданият жана тарых жылында бир топ жакшы иштер жасалып кетти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну аркылуу Кыргызстандын эл аралык аброю артты.

Азыркы шартта заманбап билим берүү, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү маанилүү милдет экендиги зарыл.

Көргөзмө 3 бөлүктөн турат:

  1. Ата-бабалар мурасы – улут байлыгы.
  2. …Асыл ойлор жаралат кылым санап

Эл ичине таралат бүтүп канат…

  1. Ички дүйнө таза болсо, ыйман-адеп уялайт.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, илимдин, маданияттын өкүлдөрү, акындар, жазуучулар, студенттер, окурмандар жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: