Бүгүн, 2-февралда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Өмүрбек Текебаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кайым айтыша кетишти. Өкмөттүк саатка келген премьер-министр менен өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна алгылыктуу жооп бере алышпай эптеп 2 саат убакыт өткөрүп, суроого жазылышкан эл өкүлдөрүнүң 70 пайыздан ашыгын көзгө илбей кетүүгө камынышканда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кршы чыкты. Акыры бул тирешүү кайым айтышууга айланып, “Ата-Мекен” фракциясы өкмөттүн отставкасын талап кылды.
Видео: Азаттык
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ