Эртең, 7-февралда, саат 11-00 дө, Киев көчөсү 96 дареги боюнча, укук коргоочу Ш.Назаркуловдун жаркын элесине арналган митинг реквием болот.
Укук коргоочо Ш. Назаркулов А.Акаевдин бийлиги учурунда, Үзөнгү-Кууштун сатылып кетишине каршы ачкачылык жарыялап, саясий акциянын 22- күнүндө, 2002-жылдын 7-февралында каза болгон. Активдүү атуулдук позициясы үчүн, “Эрдик” медалы менен сыйланган.
Эскерүү реквием митинге, укук коргоочулар, Шералы Назаркуловдун жакындары жана коомдук ишмерлер катышмакчы. Акыйкатчы институту укук коргоого кайдыгер эмес мекендештерди, эскерүү иш чарасына катышып кетүүгө чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ