Menu

Видео – АКШ кар көчкүдөн жапа чеккен Тажикстанга жардам берет

Бөлүшүү:

АКШнын Тажикстандагы элчилиги Вашингтон табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жардам көрөсөтөрүн билдирди. Өлкөнүн тоолуу аймактарында акыркы бир нече күндө 40тай кар көчкү түшүп, 8 киши курман болуп, бирөө дайынсыз жоголгон.

Бул маселени АКШнын Тажикстандагы элчиси Элизабет Миллард менен Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысы Рустам Назарзода талкуулашты. Комитет кызматкерлери жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлдү.

Топ топтолгон гуманитардык көмөктөр боюнча маалымат алып, жетишсиз каражаттар тууралуу АКШ элчилигине билдирет. Кошмо Штаттар Тажикстандын табият кырсыгынан жапа чеккен аймактарына кошумча жардам жиберет.

Элчи Миллард Вашингтон бул багытта гана жардам бербестен, комитеттин потенциалын бекемдөөгө дагы көмөктөшөрүн айтты.

Өткөн аптада Тажикстан ТИМи дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана эл аралык уюмдарга кайрылып, тоолуу аймактарга түшкөн кар көчкүнүн кесепеттерин жоюуга жардам сураган.

https://www.youtube.com/watch?v=VjTjSeSNHtc&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: