Он өспүрүм балага карата сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелген жаран психиатриялык экспертизадан өткөрүлүп, ал акыл-эси жабыркаган адам экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, ал 12-16 жаштагы балдарды алдап, өз батирине киргизип алып ыдык көрсөтүп жүргөнү 2016-жылдын октябрь айында аныкталган.
Ага карата кылмыш иш козголуп, сотко жөнөтүлгөн.
Социалдык кызматкерлер экспертизанын тыянагынан күмөн санап, кайталап текшерүү өтүнүчү менен Октябрь райондук сотуна кайрылган. Сот бул өтүнүчтү алгач канааттандырып, бирок кайра ал чечимин жокко чыгарганы тууралуу интернетте тараган маалымат кызуу талкуу жаратууда.
Социалдык кызматкерлер кылмышка шектүү жаран дарыланууга жөнөтүлүп, боштондукка кое берилет деп кооптонууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ