Menu

Ыссык-Көл фондундагы жоголгон акчага ким жооптуу?

Бөлүшүү:

Жакында эле Ыссык Көл фондундагы топтолгон каражаттар кимдир бирөөлөрдүн сол чөнтөгүнө солонуп, эсеби чыкпай жаткандыгы боюнча маалымат тарады. Эске салсак, “Кумтөр” алтын кен долбоорун иштеткен “Центерра” компаниясы 2009-жылдагы макулдашууга ылайык жылдык тапкан кирешесинин 2 пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которуп турат. Түшкөн каражат облустагы район, айылдардын социалдык абалын жакшыртуу үчүн жумшалаары белгилүү. Бүгүнкү күнү мына ошол топтолгон каражаттын так эсеби билинбей, бул боюнча Башкы прокуратура буга чейин фонддо иштеген айрым кызматкерлерге кылмыш ишин козгогонун, алардын кээ бирлери камалып, кээ бирлери камалбай эркиндикте “тайраңдап” жүргөндүгү маалым. Аталган маселе тууралуу Ысык-Көл облусунун мурдагы губернаторлору төмөнкүлөрдү айтып беришти…

Эмилбек Каптагаев, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору:

– Жылына 400 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты түшөт. Ал каражаттын жарымы Жети-Өгүз, Тоң жана Балыкчы шаарларына бөлүнөт атайын счет менен, калган жарымы Каракол, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондоруна калкынын санына карата пропорциялаштырып бөлүнөт. Ар бир район өзүнчө проектилердин тизмегин, алардын сметасын даярдайт, анан фонддун байкоочу кеңешинде өз проектилерин коргойт. Ошол жерде жактырылган иштерге фонддун дирекциясы тарабынан каржыланат. Байкоочу кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет, курамында Өкмөттөн, Каржы министрлигинен, “Кумтор” ишканасынан жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр отурат. Ал эми жогоруда чуу кылып жаткан маселе тендер өткөрбөй туруп акча которуп жиберген деген айып го менин түшүнүгүмдө, акча кимге которулганын жазып жатышпайбы. Каржылоонун тартибин сактоо зарыл.

Нурдин Абдылдаев, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору:

– Мен Ысык-Көл облусуна 7 айга жетпеген убак губернатор болуп иштедим. Ал кезде премьер-министр Алмазбек Атамбаев болчу. Мен кызматка январь айынын орто ченинде дайындалып, июль айында кызматтан бошогом. Себеби президенттик шайлоо башталып калган. Фонддун уставы ал учурда башкача эле. Губернатор, облустук бийлик фонддун ишине, андагы акчага кийлигишүүгө акысы жок болчу. Фонд ал учурда өзүнчө департамент эле. Бирок губернатор каражаттар кайда жумшалгандыгы боюнча фонддун жетекчилеринен маалымат алып туруу укугуна ээ болчу. Жети ай аралыгында “Кумтөрдон” түшкөн кирешеге, тагыраак айтканда фонддун акчасына бир топ эле социалдык обьекттер курулган. Тилекке каршы, курулган обьекттер баары бирдей стандартта эмес болчу. Ар кайсы обьекти ар кандай баадагы материалдар менен курулган. Мен ошону бардыгын бирдей материалдар менен курбайсыңарбы деп сынга алгам. Жоголгон каражаттар боюнча тиешелүү кызматкерлер жооп бериши керек.

Рита Борбукеева, Ысык-Көл районунун мурдагы акими:

– Ысык-Көл фондусунун байкоочу кеңеши беш кишиден түзүлгөн. Чогулган акча ошолордун көзөмөлүндө бөлүштүрүлөт. Акчанын кирди-чыкты иштерин аким бекитет. Акча жоголгон маалда мен аким эмес, облус губернаторунун орун басары болчумун. Ысык-Көл районуна аким болуп бир эле жыл иштегем.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: