Укук коргоочу Турсунбек Акундун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, карапайым адамдар ар кандай көйгөйлөрү менен өкмөт башчыга кире алышпайт. Ошондуктан, маселелери чечилбеген жүк ташуучу айдоочулар, жер алалбаган жарандар, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарындагы чечилбеген маселелер, кадрдык чечимдер жана башка көйгөйлөрүн көтөргөн жарандар 10-февралда Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышат:
-Алар жалпы өкмөт мүчөлөрүнө же өкмөт аппаратына каршы чыгып жаткан жок. Анткени алардын койгон маселелери вице-премьерлер жана аппарат кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир деңгээлде каралып, премьердин гана чечимин күтүп калган учурлары бар. Ал эми премьер-министр атуулдардын көйгөйүн чечүүнүн ордуна, аларды кабыл албай ишти негизи жок кечеңдетип келет.
Турсунбек Акундун маалыматы боюнча, бүгүнкү митингде өкмөт башчысын кызматтан кетүүсү талап кылынбайт жана башка саясий максаты жок. Алар өкмөт башчыдан карапайым элдин көйгөйүнө көңүл буруп, аларды чечип берүүсүн талап кылышмакчы
Булак: “Азаттык”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ