Menu

Хандидаттар…

Бөлүшүү:

Успейт этпей калдым, чойттывайт-тыкы десе! Кечээ тоодон эми түшүп келсем, ажо-жарыштын короосун жаап салышыптыр да. Жапканда да, кара кулпудан катары менен үчтү илип туруп жааптыр, кысталактыкы десе! Короонун эшиги отуз биринчи ыйулга чейинле ачык боло турганын кайдан билипмин мен.

Илгеери, Акайыптун тушунда короо-сороосу жогеле опший дом болуп жатчуле да, каалаган жерден шамал кирип. Ал кезде жөнеле кашаа менен жөлөп-таяп коюшчу. Ошо жылдары мен да бир жолу катыша коем деп, «нөл-нөл-жети» пайыз добуш алып чыгып, таззауят болгом айылдаштарга. Ошондон бери менин киличкам «Жеймис Бонд» болду да калды…

Каалганын жылчыгынан карасам, туптуура элүү тогуз баш жүрөт, оттоп. Баарытең бордоп байланган шаа мүйүздөркен. Калпагымды алып төбөм сыйпаласам, менде бүдүр деле жогекен. Бир чети кайра сүйүндүм. Булар менен эрегишсем, эки чайнап, бир эле жутуп коюшмак окшойт, ибиттывайттыкы!

Эмесе, аламан-байге актаабирдин он бешине белгиленди. Ошол күнү элүү тогуз баш ашууну көздөй чуркайт. Чү дегенделе чүчөк курту жакшы тазаланалектер коюу чанда калат дей бергиле. Андан кийин геморройу кургайлектер «курттай» баштайт дей бергиле. Алар да тебелендиде калат. Андан кийинки өчүрүт гаймарити айыкпай арманда жүргөн «чимкириктерге» жетет. Чимкиригине чалынып, алар жыгылат. Андан кийин эки айылды эриктирбеген ээнооздорду ээрден алып ыргытат. Ошол маалда, гидето он чактыле хандидат калат. Агерде, менин курусташым Мотуйуп өзү катышканда, талапкерлер андан да арбын болмок. Санымес, сапаты арбын болмок. Анткенинин себеби, менин курусташым өзүле үч кишиге кенен татыйт. Догдур Апас деген түбөлүк талапкер да бар көңүлдө. Искилирозу кармап катышпай калса керек. Ал жок, ат-чабыш бираз көңүлсүз болуп туру.

Эштекемес, ансыз да хахмачтар жетиштүү: корозу бар, бүлдүзору бар, гаремаалы деген бар. Ишигылып толтура андайлар. Бул исписокто мен гана жетишпей турам, кебенимаатери! Уктап калып, кургалбадымбы. Ничивоо, эмики ажо-күрөштө көрсөтөм силерге итжыгылышты, пака-пака!..

Сокбилек

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: