Menu

Азыркы Жогорку Кеңеш элге жек көрүнбөй тарап кетишсе болмок

Бөлүшүү:

Азыр куудулдардын тамашасын көргөндөн көрө Жогорку Кеңештин жыйындарын көргөн кызыктуу. Адамды такыр зериктирбейт. Берилген ролдорду дагы жеткире аткарышат. Мунун кесепети эл өкүлдөрүнө болгон ишенимди төмөндөтүп жибербедиби. Азыр эл ушундай парламенттин барынан жок деп олтурат. Кечээ эле Масалиев “Коомчулук парламентти өтө жаман көрөт” деп моюнга алды. Өздөрүнүн функциясын аткара албай, бирин-бири чукуламайга өтүп алган парламенттин зарылчылыгы барбы деги? Эл биздин маселебизди чечип берет деген ишеним арткан кыйындарыбыз элди ойлобой калбадыбы. Электр энергиясына нааразы болгон эл кыштын кычыраган чилдесинде нааразычылыгын билдирип көчөгө чыгып жатса да, аларды ойлобой саясат менен убара болушуп, бирин-бири коргоп олтурбайбы. Чыдамы түгөнгөн эл өздөрү келип кууп жибере электе өздөрү түйүнчөгүн түйүп кетип калганы эл өкүлдөрү үчүн оң болуп туру.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: