Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун наамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу жөнөткөн сунуштамасына тийиштүү Өкмөттүн Аппараты төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Аталган сунуштама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына келип түшкөн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун кароосунда турат.
Т.Д.Сарпашевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматында туруу мүмкүндүгү боюнча чечим маселе тийиштүү тартипте иликтенген соң кабыл алынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ