-Нарында алгачкы митинг өттү. Кандай деп ойлойсуз, бул митинг социалдык багыттагы акциябы, же президенттик кампаниянын негизги окуяларынын алдындагы машыгуубу?
-Мен «бул президенттик жарыштын алдындагы машыгуу» деп ойлойм. Эсиңерде болсо керек, Курманбек Бакиевдин режими дал нарындык муталимдер электр энергиясынын баасы көтөрүлгөндүгүнө нааразылык билдирип, социалдык маселелерди көтөрө баштаганынан улам кулаган. Дал ошол окуя дүрмөт болгон. Менимче, азыр Нарында болуп жаткан окуялар – бул саясый оюндардын башталышы, кээ бир саясый фигуралар митингке чыккандарды нааразылык акцияларына тарта башташты. Митинг – чоң процессгин башталышы.
-Бийлик ноябрь айына белгиленген расмий шайлоого жетеби, же президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болуп кетиши да мүмкүнбү?
-Мында бир топ нерсе чоң роль ойнойт. Азыркы президентке өзүнүн оппоненттеринин даярданышына мүмкүндүк бербей шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөргөн пайдалуу. Мында Россиянын президента Владимир Путиндин алдыдагы иш сапары чоң ролду ойнойт. Кыргызстандын экономикасы аябай кыйын абалда. Бюджеттеги чоң дефицит жайында пенсиялар менен бюджетчилердин айлыктарынын төлөнбөй калышына алып келиши мүмкүн. Дал Россия биздин башкы инвестициялык өнөгүбүз болуп саналат, биздин саясатчылардын баары Россия тарапты кылчактап турашат. Россия ЕАЭБге, Москвага ориентация жасаган президент шайланышына кызыкдар, ошондуктан кандайдыр бир долбоор пайда болсо азыркы бийлик үчүн алдын ала шайлоо өткөргөн пайдалуу болмок. Бул күрөш оңой болбойт. Президенттик кызмат үчүн ат салышарын Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев ачык эле жар салышты. Бул тизме дагы узарышы мүмкүн.
– Сиздин көз карашыңызда Москва үчүн кимдин президент болгону оптималдуу?
– Мендеги маалыматтар боюнча, Москва азырынча кайсы бир фигураларды атап, аларга ставка жасай элек. Алар көп кишилер менен иштеп көрүштү. Бир топ саясатчылар Кремлге барып келишти. Мисалы, Темир Сариев Кремлден кандайдыр бир макулдук алып, өзүнүн талапкерлигин койду, себеби, ал премьер-министр болуп турганда ЕАЭБди активдүү колдогон. Бирок, мен жогоруда айткандай, Москва азыр бир топ кишилер менен иштеп жатат, өзгөчө бир фаворит жок. Кандай болгон күндө да Москва өзүнүн иш-аракеттерин азыркы президент Алмазбек Атамбаев менен макулдашат. Республикадагы абал татаал. Эл жыйырма жыл бою, Аскар Акаевдин учурунан бери бийликте келаткан саясатчылардан чарчады. Эл коррупциялашпаган, кландык байланыштары жок жаңы саясатчыларды, жаңы фигураларды күтүүдө.
Өтө кызыктуу мисал: Нарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолордо эл талапкерлерди Куран кармап ант бердиришкен. Мунун өзү саясатчыларга ишенбөөчүлүктү, акыркы жылдарда жүргүзүлгөн саясаттын толугу менен дискредитацияланганын көрсөтүп турат. Ушуга байланыштуу таптакыр күтүлбөгөн жаңы варианттардын пайда болушун күтсөк болот. Жаңы фигуралар пайда боло баштады. Мисалы, Коопсуздук кеңешин жетектеген Темир Жумакадыров. Анын кландык деңгээлде, региондордо колдоосу жок, атүгүл партиясы
да жок. Азыркы саясатчылардан балким, Өмүрбек Бабанов жагышы мүмкүн. Ал жаш, премьер-министр болгон, жаштарга жагат. Бирок, ал олигарх. Анын үстүнөн компромат чогулган. Азыр ал оппозицияга, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тарапка өтүп кетпесе, аябай күчтүү оппозициялык блок түзүлбөшү үчүн бийлик аны «кармап» турат. Бабанов «Москвадан колдоо алам» деп үмүттөнөт. Анын Россияда бизнеси, Пензада цемент заводу бар. Бирок, азыркы бийлик өзүнүн кимди колдоорун ачык айтпай, көзүр картасын катып турат. Атамбаев мырза «Бабанов менен Төрөбаев президенттик креслону ээлеп калышы толук ыктымал» деп бүдөмүктөтүп гана айтып койду. Андан башка эчтеке айта элек. Бирок, анын бул сөзү жогорудагы эки саясатчыны жактырбаган күчтөрдүн активдешүүсүн пайда кылды, алар туш тараптан сынга алына баштады.
Менин баамымда, болочоктогу президенттикке фаворитке үч талап коюлат. Биринчиден, ал Москвага жагышы керек, алар анын кампаниясын каржылоого катышышы мүмкүн. Экинчиден, ал сөзсүз ЕАЭБдин интеграциялык линиясынын улантуучусу болууга тийиш. Үчүнчүдөн, ал жер-жерлердеги кландар менен иштей алышы керек, бул үчүн каржылык колдоо керек, башкача айтканда, бул кайра эле Москвага барып такалат.
(EADaily)
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ