Menu

Эзелки “сөөк өчтү” душмандар элдешкенде

Бөлүшүү:

Бир кездери спикерликтен алып түшүү, ага удаа өзүнө карата кылмыш ишинин токулушунун “диржеру” Өмүрбек Текебаев экенин, Чиркешовичтин айынан соттолуп, камакка отуруп чыкканын, эртели-кеч баары бир өч аларын ыгы келген жерден жар салып жүргөн экс-спикер Ахматбек Келдибеков өткөн аптада «Ак Кеме» мейманканасынан башкы «атамекенчи» менен жолугуп, элдешкени маалым болду. Экөөнү жараштырмакка ортого түшкөн «элчилердин» көзүнчө Ахматбек Келдибеков мындай саамалыкты коомчулукка чыгарбай эле коюну өтүнсө, Өмүке «прессага маалымат кетти» таризинде мыйыгынан жылмайганы тар чөйрөдө кызуу кепке айланды. Кызык, Ахматбек мырза эзелки «сөөк өчтү» душманы болгон Өмүке менен элдешкени коомчу­лукка тарап, бу боюнча Алмазбек Атамбаев менен досу Икрамжан Илмияновго маалымат жетсе, «бирди көрүп калбайын» таризинде жалтактап жаткан го? Болбосо «эзелки душманы» менен элдешкенин эмнеге жашырсын? Же азырынча Өмүрбек Чиркешовичти убактылуу далыга таптап, мезгили келгенде акыры өч алабы?

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: