КСДП партиясы быйыл, 2017-жылы өтчү президенттик шайлоого Кыргыз-орус өнүгүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун талапкердигин алып чыгат. Бул тууралу 24.kg маалымат агенттигине КР Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын катчылыгынан билдиришкен.
Кубанычбек Кулматов 1963-жылы Фрунзе шаарында туулган, атасынын кызматына байланыштуу Москвада чоңоюп өскөн. Москва мамлекеттик университетинен билим алып, Россиянын Даниядагы соода өкүлү болуп иштеген. 2004-жылдын баштап кыргыз бажы кызматына өткөн. Россиянын Бажы кызматынын экс-төрагасы, азыр коррупция боюнча айыпталып жаткан Андрей Бельяниновдун досу. 2010-жылы апрелде, мамлекеттик төңкөрүштүн алдында Алмаз Атамбаевге Андрей Бельяниновдун көрсөтмөсү менен 2 млн доллар алып келип бергиндиги тууралу кыргыз ММКлары жазып чыгышкан. Андан бери КР Бажы кызматынын төрагасы, Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри, Кыргыз-орус өнүгүү фондунун төрагасы кызматтарын аркалап келет. 2015-жылдан тартып КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ