Парламенттеги «Республика – Ата-Журт» фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
Анын айтымында, 14-февралда фракция жыйыны өтүп, анда президенттик шайлоодо Бабановдун талапкерлигин колдоо чечими кабыл алынды. Бул чечимди фракция мүчөлөрү да колдошту.
Конституцияга ылайык, өлкөдө президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтүшү керек.
Буга чейин президенттик шайлоого экс-премьер-министр Темир Сариевдин жана парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин катыша тургандыгы белгилүү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ