Menu

Казакстанда каттоодон өтпөгөн жумушсуздар медициналык камсыздандырууга акча төлөшөт

Бөлүшүү:

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов кийинки жылдан тарта өлкөнүн жумушсуз катары каттоодон өтпөгөн жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна минималдык айлыктын беш пайызын төлөп турууга милдеттүү болорун билдирди.

Ал 2018-жылдын 1-январынан тарта медициналык камсыздандыруу фондуна чарбачылык менен алектенген жана жумушсуз катары каттоого турбаган айылдын жашоочулары да акча төлөп баштай тургандыктарын белгиледи. Айтымында, ага чейин бийлик калк арасында «түшүндүрүү иштерин» жүргүзөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандырууну киргизүү планына ылайык, система иштей баштагандан кийин иштеп жаткан жарандар менен жумуш берүүчүлөр ай сайын камсыздандыруу фондуна маянасынын белгилүү бир пайызын төлөп турушу керек болот. Ал эми социалдык камкордукка муктаж адамдар үчүн фондго акчаны мамлекет төлөйт деп күтүлүүдө.

Камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн бейтапканаларда жана ооруканаларда системанын катышуучуларын кабыл алууну бекер кылуу мерчемделүүдө. Министр фондго акча төлөөдөн бошотула турган жарандардын категориясын атады. Алардын арасында балдар, согуш ардагерлери, көп балалуу энелер, майыптар, мектеп-интернатында окугандар жана жумушсуздар бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: