Menu

Тегеранда коронавируска байланыштуу жума намазга чогулууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Коронавируска байланыштуу Тегеранда адамдардын жума намазга чогулуусуна тыюу салынды. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 245ке жетти, арасында Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президент Масуме Эбтекар да бар.

Мындан улам Эбтекардын командасындагы бардык өкмөт мүчөлөрү вируска тест тапшыра башташты. 25-февралда COVID-19 вирусун Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи да жуктуруп алганы аныкталган.

Расмий маалыматтарга караганда, Иранда акыркы бир суткада каза болгондордун саны жетиден 26га жетти. Бул коронавирустан Кытайдын сыртында эң көп адам өлгөн алгачкы учур.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Эпидемияга байланыштуу шаар карантинге алынган. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 82 миңден ашты. Каза болгондордун саны 3000ден ашты. Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус 46 өлкөдө катталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: