Эртең, 14-ноябрда саат 23:59да президенттик шайлоого катышуу үчүн арыздарды тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Буга чейин БШКга жарандардан шайлоого катышуу үчүн 24 арыз келип түшкөн. Алар:
1. Адахан Мадумаров – “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери,
2. Арстан Алай – ЖЧК «Аурдин» директору,
3. Кубан Чороев -“Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФнын Башкаруунун төрагасы,
4. Назарбек Нышанов – «Лига-Антикризис» КБнин президенти,
5. Бектур Асанов – саясатчы
6. Бакыт Бакетаев – “Апрель” коомдук бирикмесинин төрагасы, саясат таануучу,
7. Канат Исаев – “Кыргызстан” партиясынын лидери
8. Абдыкаар Сыдыков – пенсионер
9. Азамат Эсенбеков – Чүй облусунун Москва районунун экс-акими,
10. Сазыкбай Турдумалиев –
11. Нурлан Мотуев – убактылуу иштебейт,
12. Рашид Тагаев – “Ошгаз” филиалынын директору,
13. Жеңишбек Байгуттиев, «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси,
14. Клара Сооронкулова, “Реформа” партиясынын лидери,
15. Аймен Касенов
16. Сазыкбай Турдумалиев,
17. Элеонора Турдубекова – Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчиси
18. Садык Шер-Нияз, экс-депутат,
19. Урустам Кабылбеков – Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти,
20. Илгиз Товкеев – убактылуу иштебейт.
21. Бактыбек Калмаматов – убактылуу иштебейт,
22. Жамбыл Камчиев – “Куудул-Аралаш” коомдук фондунун президенти,
23. Мыктыбек Арстанбек – Халал-индустрияны өнүктүрүү борборунун директору,
24. Токтайым Үмөталиева – укук коргоочу.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоого катышам деп арыз тапшырган саясат таануучу Бакыт Бакетаев шайлоого катышуудан баш тартты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ