Menu

Каныбек Осмоналиев, мурунку билим берүү министри, профессор: «Билим берүү министрлиги эң алсыз, таасири жок министрлик»

Бөлүшүү:

Каныбек Осмоналиевич, бүгүн билим берүү тармагы өтө солгундап кеткен акыбалда турабыз. Бул тармакта мектептеги бир да класска сабак бербегендер бакыйган министрлик кызматтарды ээлешүүдө. Жада калса алардын билим жаатында кыйраткан даражасы жок. Мурунку билим берүү министри, деги эле илимдин адамы катары сиздин буга көз карашыңыз кандай?

— Чынында абдан актуалдуу, керек болсо мамлекеттик даражадагы маселени көтөрүп жатасыздар. Ар кандай мамлекеттер өзүн визиттик карточкасы катары мамлекеттин билим деңгээлин, илимий иштеринин деңгээли менен көрсөтүшөт. Керек болсо орто кылымда ушундай баалуулуктар алдыга коюлуп келген. Себеби, прогрессти жылдыруунун, көтөрүүнүн локомотиви болуп ар бир мамлекеттин жарандарынын билиминин деңгээли, илимий иштердин жүргүзүлүшү эсептелет. Мисалы, быйыл 100 жылга толуп жаткан СССРдин тарыхын ала турган болсок, Ленин биринчи жер декрет чыгарып, адамдарга эркиндик берген. Бирок, ошол эл кезде падышалык убактагы илимпоздордун баардыгын сактап калган. Рождественский, Карпинский деген күчтүү физиктер болгон. Алардын колуна Илимдер Академиясын берип “мына силер биздин билим берүүнү Батыш Европанын деңгээлинде кармап турасыңар, бул системаны илимпоздор гана жасаш керек. Мектепти, бала бакчадан баштап баардыгын бирдей ырааттуу системага саласыңар” деген. Алар баардыгын ирээттеп чыккан, азыркы тил менен айтканда жолтоо болгон эмес. Луначарскийдин өзү падышанын чоң кызматтагы атка минери болгон. Аны билим берүү министри кылган. Анын кандай касиети бар эле? Биринчи кезекте окумуштуу. Мектептерде, жогорку окуу жайларда дагы өзүнүн көз карашын эң кубаттуу түрдө далилдеп келген окумуштуу болгон. Азыр жаман көрүлүп жаткан Сталин дагы биринчи орунга билим берүү тармагын койгон. Капица Петр Леонидович деген Нобель сыйлыгынын лауреаты бар. Ал тубаса таланттуу окумуштуу физик, инженер. Атактуу гений Эрнест Резерфорддун колунда сыноодон өтүп Англияда иштеп жаткан жеринен алдырып келип, бир жылдын ичинде өзүнө атайын институтту курдуруп, ал кишини алып калган. Сталин ар бир жумада билим берүү министрин кабинетине чакырып турган. Биринчи кезекте тааныштыгына карабастан окумуштууну биринчи орунга койгула деген талапты койгон. Мына ушунун негизинде экинчи дүйнөлүк согуштун алдында илимди практикалык түрдө Европанын даражасына чыгара алышкан. Бизде кандай болуп жатат? Эгемендүүлүк алганыбызга 25 жыл болду. СССРдин билим берүү системасы дүйнөнү дүңгүрөтүп, бүт дүйнө чынын айтсак коркуп турган. Биз 25 жылдан бери тилекке каршы билим берүү системасын жана илимди уюштуруу системасын ошол эски абалда кармап, керек болсо ошол эски системаны талкалап, ордуна эч кандай жаңы нерсе курган жокпуз. Билим берүү министрлиги бүгүнкү Кыргызстанда эң алсыз, эң таасири жок министрлик.

— Кайсы министрди айтып жатасыз?

— Мен азыр министрликтин өзүн айтып жатам. Билим берүү министрлигинин деңгээли 25 жылдын ичинде эң начар болуп калды. Билим берүү министрин эч ким тоготпойт. Каржы министри билим берүү министрин адам ордуна көрбөйт. Себеби мунун баары саясый бийликтин оюну. Акаевден бери ушундай мамилеге көнүп алышкан. Бюджеттен канча сом билим берүү тармагына бөлүнсө, каржы министри кааласа берет, каалабаса бербейт. Натыйжада, билим берүү системасын эң жаман абалга 1992–1998-жылдары алып келдик. Мугалимдерге айлыктар акча түрүндө берилбей, ар кандай буюмдар менен бериле баштады. Ошол учурда мугалимдердин 50%дан кем эмеси базарга чыгышты же ичип кетишти, Россияга, Казакстанга кетип калышты. Билим берүү министри өзү мектепте, бала бакчада болобу сөзсүз ушул тармакта иштеген болушу керек. Бул маселени КМШ өлкөлөрүнүн тарыхынан карасак болот. 2010-жылга чейин КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү министрлерине коюлган талаптарды формалдуу түрдө сактап келгенбиз. Сөзсүз илимдин кандидаты же доктору, болбосо ушул чөйрөдө иштеген адам болушу керек деген талаптарды кармачубуз. Мени таң калтырганы эч кандай билим берүү тармагында иштебеген министрлер келе баштады.

— Сөз кийинки министрлер жөнүндө болуп жатабы?

— Ооба, ошолорду айтып жатам. Аларды абдан кичи пейил инсандар катары көрүп, сезип, байкап жүрөм. Балким мага белгисиз жакшы сапаттары бардыр. Бирок, билим берүү системасы деген такыр башка система да туурабы? Министрликке коюлган талапты Россия, Казакстан, Белоруссия абдан чоң деңгээлде коюшат. Булар министрликке керек болсо илимдин кандидатын да коюшпайт. Көбүнчө илимдин докторлорун, болбосо академиктер болуп келе жатышат. Себеби армиядагыдай эле илимпоздордун дагы өзүнүн иерархиялык тепкичтери бар. Мен билим берүү министри болгонго чейин 30 жыл мектепте мугалим, лаборант, улук лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, декандын орун басары, декан, кафедранын башчысы, проректор, ректор, министрдин орун басары, анан министр болуп иштедим. Элвира карындашым КТРКдан келип эле вице-премьер-министр болду Анан кийин дароо министр болуп эми президенттин аппаратында иштеп калыптыр. Мен башында бекеринен алсыз, күчсүз министрлик болуп калды деп айтпадым. Башка министрликте андай эмес, жаманбы-жакшыбы ошол кесипте иштегендер министр болуп келе жатышат. Эмнеге биздин министрликке ушундай мамиле? Ушундан улам мектептердеги, университеттеги, илим мекемелериндеги абалдар ушундай болуп жатат.

— Азыркы министр Гүлмира Кудайбергенова жөнүндө эмнени айта аласыз?

— Ал кызыбыз бул системада иштеген. Өзү Педагогикалык орус тил адабияты институтун бүткөн экен. Бул жакшы. Бир жыл мектепте мугалим болуп иштептир. Андан кийин көп башкаруу тармагында иштеп жүргөн экен. Бул кишинин деле басып өткөн жолу окшошуп эле турат. Болсун, көтөрүлсүн. Балким окурмандар Каныбек Осмоналиев өзү министр болуп алып колунан эч нерсе келбей андай-мындай деп ичи күйүп айтып жатат деп айтышаар. Айтса айтышсын. Бирок мен фактыны айтып жатам, 30 жылдан кийин гана министр болдум. 9 ай гана иштетишти. Азыр мен улуттук университетте профессор болуп иштеп жатам. Өзүм илимдин докторумун. Баардык баскычтарды басып өттүм. Эстонияда 8 жыл илимдин артынан жүрүп илимий даражаларды алдым. Бир эле ушул эки кызыбызга эле эмес, буга чейин министр болгон кээ бир азаматтарыбызга таң калам, коркушпайт. Президент сунуш кылган күндө дагы “Урматтуу президент, мен бул системада иштеген эмесмин”- дешпейт. Булар өздөрү министр болобуз деп келишкен эмес. Кандайдыр бир локалдык тапшырууга макул болуп келгендей туюлат. Мектепте канча жыл иштеген мугалимдер жөн эле жүрөт дагы сырттан башка тармактан келгендер директор болуп олтурушат. Биздин билим берүү министрлигинин алдында мугалимдердин билимин өркүндөтүү менен алек болчу элек. Азыр андан сырткары дагы мугалимдерди кайра даярдоо деп ачып алышып жалаң коррупциялык жол менен мурун инженерликти бүткөндөр, агрономдордун, ветврачтардын көбү мугалим болушту. Бир жарым жыл, эки жыл даярдайт, дипломду алат, ишкердик касиеттери күчтүү экен, мектепке барып директор болуп калат. Алар мектепти билим борборуна айландырбай, бизнес борборуна айландырып жатат. Ботинкеси, шымы жыртык байкуш мугалим өзүнүн математикасын же физикасын тереңдеткендин ордуна окуучунун, ата-эненин артынан жүгүрүп мектепке акча топтоп жүрөт. Ошол акча чогулткан жөндөмүнө жараша мугалимдин ишине баа берилип жатат. Эмне үчүн Казакстан менен Россия билим берүү министрлигин катуу кармашат? Илимдин доктору, кандидаты болсун, сөзсүз ошол системада иштесин дешет. Алардын арасында өзүбүздү ыңгайсыз сезип жатабыз. Министрлердин конференциясында тааныштырганда деле эмне деп айтабыз? Сержант генералды башкаргандай кеп болуп жатпайбы. Мен бул жерде президентти, өкмөттү, тигил эки кызыбызды деле күнөөлөбөйм. Мен бир гана нерсеге ызамын. Биздин билим берүү системасы эмнеге ушундай кол жоолукка айланып, оюнчук катары болуп калды?

— Эмне себептен болуп калды деп ойлойсуз?

— Анткени билим берүү системасына атайын көңүл бурган, бүгүнкү замандын чакырыктарына, талаптарына туура келген саясатты жүргүзүү абдан түйшүктүү, абдан чыдамкайлыкты күттүргөн иш. Президент менен премьер чыдап, министрди узакка иштетүүгө аракет кылышы керек. Албетте, министр өзү татыктуу боло алса. Ошондуктан акчаны бөлдүк, өзүбүздүн кишини койдук, чампаладык, тиги жерге, бул жерге мектеп курдук деген менен иш бүтпөйт. Айланайын, ар кокту-колотко бирден мектеп куруп койдук. Илгери менин айылымда бир гана мектеп болсо, азыр 5 мектеп курулган. Мугалим же китеп, балдардын саны жетпейт. Мисалы, бир мектепте 50 бала окуйт. 1-класста 4 бала, экинчи класста 7 бала. Экөөнү бир класска киргизип, биринчи партага 1-класстын балдарын, экинчи партага экинчи классты олтургузуп бир мугалим сабак өтөт. Биз кимди алдап жатабыз? Өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз да. Мен Америкада, Японияда ж. б. өлкөлөрдө болдум. Мектептин автобустары деген бар. Аларда 2000, 2500 бала окуган мектептер иштейт. Мектептин театры, стадиону, бассейни бар. Атаандаштык абдан күчтүү. Япониянын министринен сурасам, балдарды 15 чакырым жерлерден автобус менен ташышат экен. Япондордун ар бир колотко мектеп салып койгонго акчасы жокпу? Алар ага эч качан барышпайт. Мектепти билим берүү, илим борборуна айландырышат. Өмүрүндө театрды көрбөгөн, күчтүү мугалимдин колунда окубаган бала келип студент болуп жатат.

— Мугалимдердин даражасы дагы өтө төмөн түшүп кетти. Буга кошуласызбы?

– 2014-жылдын сентябрынан Жогорку Кеңеште билим берүү комитетинин башчысы болуп турганда көк папканы көтөрүп алып трибунадан мугалимдерде иш таштоо башталды, профсоюздар аркылуу мага каттар келип жатат деп катуу сүйлөдүм. Бир айдан кийин мага иш козголду. Ошол системага кантип жеттик? Себеби мугалимди жеткен жерине жеткирдик. Мисалы, Балыкчы шаарын алалы. Шаардын мугалими орто эсеп менен 7000 сом айлык алат. Ал жерде кичине огород, мал да кармай албайт. Кантип жашайт 7000 сом менен? Менин бир жеңем математик. Айылыма барсам уй саап аткан. Бир маалда жок болуп кеткенинен баласынан сурасам, апам сабагына жүгүрүп кетти дейт. Ошол эле кийими менен уй саап бүтүп сабагына барып келип, кайра уюн айдап кетти. Мен СССРдин убагында мугалим болгом. Эртең сабак өтөм дегенде 4 сааттап даярданып алчумун. Кээ бир азаматтар 45 минуттун ордуна 35 минут кылып коюшуптур. 45 минутту асмандан алган эмес. 45 минут баланын медико-биологиялык нормасына, физиологиясына туура келеби, келбейби деп илимий жактан эске алынган.

— Азыр бир министрди иштен алуу оңой, керек болсо өкмөт башчыны иштен алуу абдан жеңил. Бирок Бишкек шаарындагы мектеп директорлорун иштен ала албай жатышпайбы? Алар мектепти менчигине айландырып алышты?

— Мен буга толугу менен кошулам. Айрыкча бул абал Бишкек шаарында орун алган. Бишкек шаарында башында биз эки чоң жаңылыштык кетиргенбиз. Борис Силаев деген мэр болуп турган учурда Бишкектин билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасы министрликтерге баш ийбейт деген жобону “Бишкек шаарынын статусу” жөнүндө мыйзамга киргизип, ошол мэр Жогорку Кеңештен өткөртүп алган. Ошондон кийин саламаттыкты сактоо министри менен билим берүү системасынын эч кандай Бишкекте таасири жок. Эгерде Бишкектин бир окуучусу кандайдыр бир кырсыкка кабылса мэрден сурабайт, министрден сурайт. Министрдин чынында эле колунан эч нерсе келбейт. Министрди мэриянын астындагы билим берүү депортаментинин башчысы укпайт. Себеби, ал аны дайындабайт. Бул система атайын жасалган. Ошол кезде мен, дагы бир-эки ректор депутат болчубуз, каршы чыгып, чырылдап эле калып калганбыз. Мына ошонун баары бумеранг болуп эми айланып келип тийип жатат. Үч жыл мурун Жогорку Кеңеште мектептердеги рэкетчилик боюнча маселе болуп калды. Мен абдан катуу суроо койдум. Себеби, балдар- кыздар мектептен көгала болуп келе башташкан. Мектептин директорун эч ким жылдыра албайт. Ошондо мен бир маегимде “рэкеттер деп айтасыңар, биринчи рэкет мектептин директору. Биринчи класска киргизгенге 25 000 сом алып жатышат”- деп айткам.

— Министрлер керек болсо мектептин директорлоруна жалынып атышпайбы?

— Ооба, ал турсун депутаттар, керек болсо мэр өзү дагы жалынат. Азыркы учурда булардын экинчи этабы башталды. Сырткы күчтөрдүн таасири ушунда. Мындай нерседен кутулуу үчүн Президенттин өзүнүн саясый эрки болуп, билим берүү мекемелерин саясаттан оолакташтырыш керек деп жатам. Ата-эне эле эмес, директор дагы мугалимдери менен чогуу окуучунун тагдырын, келечегин милдеттүү сезип, коркуп туруштары керек.

— Мисалы СССР кезинде мектепке чейин балдарды тарбиялаш үчүн балдар бакчасы бар болчу. Мына “Вечерний Бишкектин” мекемеси мурун балдар бакчасы болчу. Аны мамлекетке алалы деген эч ким жок, эч кимге да бербейт. Себеби, ал бийликке карайт. Бул жагын кандай кылабыз?

— Билим берүү системасын сапаттуу коёлу десек эч ким айрыкча саясый бийлик аралашпаш керек. Ошол сен айткан бала бакча мекемелеринин көпчүлүгү диний ж. б. коомдук уюмдарга берилип кеткен. Азыр силер “Вечерний Бишкекти” айтып жатасыңар. Учурунда аларды айрыкча, диний секталар болбогон акчага сатып алышкан. Эми алар беришпейт. Мектептин директорлорунун ротациясы жөнүндө айтсам Россияда 10 жылга чейин, Казакстан 5 жылдан 10 жылга чейин деди. Бизде 25 жыл мектептин директору болуп жүрөт. 25 жыл анчалык тажрыйбасы болсо Чаткалга, Ала-Букага, Тогуз-Торого же Чоң-Алайга барып иште деп жөнөтө албайбыз. Себеби, Бишкекте, Ошто алардын тамырлары жайылып кеткен. СССР кезинде барышчу. Мисалы РайОНОнун башчысы эч качан ошол райондун өкүлү болчу эмес. Мен өзүм чоңойгон Кара-Кулжаны алайын. Деги эл жергиликтүү киши РайОНОнун башчысы болгон эмес.

— Күчтүү мугалим керек дейбиз, бирок күчтүү акча төлөп беришибиз керек да. Башка мамлекет күчтүү акча төлөп берип жатпайбы?

— Күчтүү акча төлөп бергенге деле кудуретибиз жетет. Мектептердин санын эбегейсиз көбөйтүп жибердик. Азыр 2200 мектеп бар экен. Ашып барса 1500 мектеп сонун жетет. Балдарды чоң мектептерге ташып окутуу керек. Жаңы мектеп курулса мектеп директорун, орун басарларын, мугалимдерди даярдашыбыз керек. Кошумча каражат зарыл болот. Биз кескин түрдө мугалимдердин айлыгын көбөйтө алабыз, ага акча деле бар. Быйыл билим берүү тармагына 28 миллиард сом бөлүштү. Бирок, ошол акчаны коротуу системасын айттыкпы? Айтам деп эки жыл мурун иш козголуп олтурам. Ал акча кайда кетип атат? Кайда коротулду? Ошол акчалар өзүн актайбы, канча пайызы мугалимдердин айлыгына, канча пайызы материалдык-техникалык базаларды чыңдаганга кетип жатат, канча пайызы аткарылып жатат деп сураш керек. 50%ы аткарылбайт керек болсо.

— СССРде “баарын кадрлар чечет” деген күчтүү сөз бар эле. Билим берүү системасы менен саламаттыкты сактоо тармагына ошол тармакты ийне-жибине чейин билген адам келбесе абдан чайналып калышууда. Реформанын жүрбөгөнүн ушундан көрөлү, кээ бир министрлер Жогорку Кеңешке барганда жооп бере албай олтурушат. Бул жаатта кандай кылып реформа кылышы зарыл?

— Реформаны кадрдан башташ керек. Мисалы Президент менен Премьер биздин билим берүү, илим системасын көтөрүп кете турган адам тандап бергиле, бизди кайсыл партиядан экени кызыктырбайт десе тандап берүүнүн мыйзамдык механизми бар. Ал Жогорку Кеңеш. Жогорку Кеңеш комитетине жыйырмадай талапкер барсын. Конкурстук негизде алса болот. Азыр министрлерди шарактатып тизме менен өткөрүп жатабыз.

— Чет өлкөгө билим алууга министрлердин, ак үй- көк үйдө иштеген атка минерлердин балдары барып жатышат. Билимдүү акчасы жок балдар кала беришүүдө. Бул системадан кантип кутулсак болот?

— 2014-жылы Кытайга иш сапар менен бардым. Кытайлыктар абдан дипломат калк эмеспи. Кытайдын билим берүү министри мага “Урматтуу депутат, биз Кыргызстанга бюджеттик 200 орун бергенбиз. Ошондон 120 бала айдалып кетти, 1-курстан кийин окуй албай коюшту” деди. Жерге кирип кете жаздадым. Мен ал маселени көтөргөн жокмун, өзү ошентип айтты. Россия бюджеттик орундарды 1000ге чыгарып атат. Акыры бизге ишенбей, Россиянын ЖОЖдору өздөрү мектептерден келип кадрларды тандап жатышат. Көрсө, биз аны билим берүү министрлиги аркылуу бербестен, кандайдыр бир жеке фирмалар уюштурат экен. Жөн эле эт бөлүп алгандай бөлүп алышкан. Мыйзамды бузбаш үчүн “Вечерний Бишкек” ж. б. гезиттеринин жума күнкү номерине жарыя беришет. Биринчи күнү сынак алышат.

— Чет өлкөдө окуп иштеген таланттуу жаштарыбыз көп. Америкада, Европада менмин деген фирмада иштеген балдарыбыз бар. Аларды тартып, реформа жасоого болобу?

— Эмнеге болбосун, болот. Тартып да көрүштү. Байкуш Чыңгыз Шамшиевди эмне кылышты? Коррупционер кылышып, акыры ал кайра чет өлкөгө кетип калды. Ал башкарган окуу жай кадимкидей жанданып калган эле. Нобель сыйлыгынын 4 лауреатын алып келбедиби? Кыргызстанда бум боло баштады, анан көрө албай ушуну жасашты. Министр кезимде Гренобльга НАТОнун системасы боюнча бизге компьютердик технология иш чара уюштурушкан. Ошол жерде Чыңгыз Шамшиев менен тааныштым. Менин таң калганым француз, англис тилдеринде экономикадан лекция окуган профессор экен. Ошондо түз эле чакыргам. Эртеби-кечпи бул бала келип иштеди. Анын иштегенинен ырахат алдым, балага көз деле тийген жок. Чыңгызга кыргыздын эле көрө албастыгы, ичи тардыгы тийди. Мындай балдар толтура да. Келип жарым жыл, бир жыл иштеп кайра кетип калып жатышат.

— Менин колумда депутат кезиңизде сизди бир жарым жыл эзген токтом турат. Орус-Кыргыз Славян университетиндеги медициналык факультетке студенттерди өткөргөндүгү үчүн 14 000 доллар пара алды деп иш козголгон. Бул токтомдун аягында бул кылмыш иши жалгыз сизге эмес ондон ашык кишиге кошо козголгон экен. Эмне үчүн убагында айтылган эмес. Жалгыз Сиздин гана атыңыз чыгып жатпады беле?

— Токтомдун берилген күнүнө көңүл бурсаңыз.

— 8-октябрь 2015-жыл.

— Туура, 2015-жыл. А иш козголгон 30-октябрь 2014-жыл. Бул менин колума тийди, —21-январь 2016-жылы. Ал күнү мен толук 60ка чыккам. Мен дагы өзүм жалгыз эле кылмыш иши козголгон деп ойлоптурмун. Абдан сырдуу, уникалдуу иш козгоо болду. Бир жарым жылдын ичинде бир гана жолу суракка чакырышты.

— Бул иштин козголушуна ким кызыктар болду?

— Чырылдап жаткан мугалимдердин оозун жабыш керек эле. Бул саясый буйрук болду. Мени тергөөчү чакырган жок. Мен күнөөлөнүп жаткан 27 бала ошол университеттин медициналык факультетине контракттык негизде кабыл алынышыптыр. Ошол балдар 1-курсту бүтүшкөн. Баардыгынын академиялык карыздары жок, жакшы окушкан. 1-курсту бүткөндөн кийин жайында балдарды университеттен Каныбек Осмоналиевдин жазган каты менен пара берүү жолу менен өтүшкөн деп окуудан кетиришти. Элестетип көргүлө, болгону бир гана АКСтин ушундай болгон деген токтому бар. Коркуп кетип ректор балдарды университеттен айдаган. Балдар сотко беришкен, ата-энелери кошулушуп үч жолу утулушкан. Депутат катары мен дагы аракет кылдым, утулушту. Ошол сот болуп жаткан учурда балдардын жарымынан көбү кайра университетке кабыл алынып жатты. Кайра кабыл алынган балдар мага каршы көрсөтмө берип жатышты. Бирөөсү Каныбек Осмоналиевди тааныйсыңбы десе, ооба тааныйм дейт. Кайдан көргөнсүң десе “Илим жана турмуш деген теле берүүсүндө көргөм”- дейт. Өзү көргөн эмес. Тигил 14000 доллар берген аял жөнүндө. Ал киши биринчи көрсөтмөсүндө 14000 долларды алып барып бергенмин, Осмоналиев ящигине салып алган. Экинчи көрсөтмөсүндө, мен кабинетимден чыгып кара машине менен кара көз айнек тагынган жигит келди. Мен анын колуна 14000 доллар бергем дейт. Же жигиттин атын билбейт, же машинанын номерин билбейт. Даталарды да алмаштырып атат. Ошонун негизинде келип анан ушул иш болду. Сен таң калгандай болуп мен да таң калдым. Бир гана менин атым чыгып атты. Жада калса биздин “Ар-Намыс” фракциясы Осмоналиевдин иши жөнүндө комиссия түзөлү деп төрагага берди. Төрага мага айтты эле макул болбодум. Сурак берем дедим. Шайлоо бүткөндөн кийин депутат болбой калганда бир чакырды. 2015- жылдын 8-октябрында. Болгон сурагы ошол болду. Мага иш козгогон тергөө бөлүмүнүн башчысы азыр кайда, мен кайдамын? Ал азыр түрмөдө олтурат, кабинетинен 100 000 доллар пара менен колго түшүп. Кана мораль? Бир гана өкүнгөнүм, менин убалым кимге? Менин билим берүү, илим тармагына сиңирген эмгегимди ушинтип баалаштыбы? Тазалыгымдан эч нерсе таппай ушундай ишке баруу кимге ырахат тартуулады? 60 жылдык тагдырымды тебелешти. Бул токтом менен эми кимдин оозун жаап, кимге барып актанам?

— Биринчиден үй-бүлөңүзгө канча зыян алып келди дейсиз?

— Ооба да. 3 бөлмөлүү квартирада жашайм. Эки жолу министр болдум. Биринчисинде билим берүү, экинчисинде дин боюнча башкардым. Дин тармагы деле пара ала турган жер. Бир дагы акаарат иш болгон эмес. Байлык-мүлкүм элге көрүнүп эле турат.

— Дин боюнча баса, сиз сөз башында 1500 мектеп жетет калганы ашыкча дедиңиз. Кыргызстанда, 3500 мечит бар экен, бул жетиштүүбү, бизге ушунча мечит керекпи?

— Илгери СССРдин убагында бир дагы медресе жок болчу. Ошол 3500 мечитке дагы 100гө жакын медресе, 10 институт кошулат. Менин атам үйдө эле намаз окучу. Ошол айылдан атам Өзгөнгө айына бир жолу же эки жолу намаз жумага келип койчу. Кыргыз өзүнүн кулк мүнөзү боюнча эч убакта фанатик мусулман болгон эмес, болбойт жана боло да албайт. Бул биздин каныбызда жок. Анча-мынча сакал коюп жүрүшөт, ал убактылуу нерсе. Мынчалык сандагы мечитти курушту. Арабтардын демилгеси менен бийликке барам деген азаматтар мечит куруп жатышты. Бир айылга эки мечит курулду. Азыр уруулардын мечиттери пайда боло баштаптыр. Кайсы гана айылга барба мечит бар, айланасы булганч, балит. Намаз жума учурунда айылдан ашып барса 10–15 киши келет. Кээ бир мечиттерде кулпу салынып турат. Демек биз бул убактан өттүк. Андан кийин уланта турган болсок 1991-жылы 17-декабрда биринчи жолу “Дин эркиндиги жана дин уюмдары” деген мыйзам кабыл алдык. КМШда биринчи биз кабыл алдык. Жада калса Граждандык кодекс кабыл алына элек болчу. Ошондо 10 эле киши демилгечи болуп диний уюм ача алат деген норма кирген. Ал норманы дагы мыйзамдуу аткаруу үчүн жана башка жобо иштелип чыккан эмес. Натыйжада дүйнөлүк баардык конфессиялар бизге өкүлчүлүктөрүн ачып алышты. Азыр кыргыздарда ислам динин айтпай эле коёюн христиан дининин секталары көбөйүп кетти. Анын 50% ын кыргыздар түзөт. Баптисттер чиркөөлөрү азыр кыргыз баптист, орус тилдүү баптисттер болуп экиге бөлүнүп атат. 10 эле жылдан кийин кыргыз эли мусулман жана христианин болуп ажырымга келишет. Ливандагы абалга окшоп. Ошондо биздин түндүк-түштүк болуп бөлүнгөнүбүз баланын оюнчугу болуп калат.

 Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: