Дональд Трамптын мигранттарга карата жасаган саясатына каршы уюштурулган нааразылык акциянын алкагында АКШ шаарларында жүздөгөн ресторандар менен ондогон компаниялар бир күнгө жабылды.
“Мигрантсыз бир күн” акциясынын уюштуруучулары Кошмо Штаттардын экономикасы жана жашоо мүнөзү үчүн мигранттардын канчалык маанилүү экенин көрсөтүү үчүн калктын ал катмарына кирген адамдарды жумушка чыкпоого, соода кылбоого, ресторандарда тамактанбоого жана окууга барбоого чакырышты.
Жүрүштөр Вашингтондо, Филадельфияда, Бостондо, Хьюстондо, Чикагодо жана Нью-Йоркто өттү. Нааразылык акциясы Трамптын мыйзамсыз мигранттарга карата көрүп жаткан чаралары жана калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 7 өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө убактылуу тыюу салуу жарлыгына жооп катары социалдык түйүндөрдө уюшулган. Трамптын акыркы тыюусу федералдык сот тарабынан токтотулган.
16-февралда АКШ президенти кийинки аптада миграцияга байланышкан жаңы, «өлкөнү коргоо үчүн» зарыл болгон жарлыкка кол кое турганын билдирди. Укук коргоочулар өткөн жумадагы өлкө боюнча жалпысынан 680ден ашык мыйзамсыз мигрант кармалган полиция рейддеринен кийин тынчсызданууларын билдиришүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ